Рус Кырг Eng

ЖКга депутаттар кандай шайланат? Бишкекте жаңы шайлоо мыйзамдары талкууланууда

ЖКга депутаттар кандай шайланат? Бишкекте жаңы шайлоо мыйзамдары талкууланууда

Бүгүн 12-июлда ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу өтүп жатат.

Ага ЖК депутаттары, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана комиссиясынын мүчөлөрү, эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү келип катышууда.

“Күздө болгон парламенттик шайлоодон кийин депутаттарга болгон шайлоочулардын ортосундагы кайым катнашта болуусу керектиги маанилүү экенин ачык болду. Партияга тиешеси жок элдин талабы, каалоосу менен талапкер боло турган депутаттар да келүүсү керек. Бул эки системанын кошулуп бирге колдонулуусу жакшы натыйжа бере деген ойдомун. Бир мандаттуу шайлоо жолу менен келген 35 депутат аркылуу аймактын үнү айтылат деп ишенебиз”, – деди БШКнын төрайымы Шайлдабекова.

Сунушталып жаткандай Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 90 адамга чейин кыскарган жана алар аралаш система боюнча шайланат – 55 партиялык тизме менен жана 35 бир мандаттуу округдар боюнча.

https://govori.tv/zhkga-deputattar-kandaj-shajlanat-bishkekte-zha-y-shajloo-myjzamdary-talkuulanuuda/?fbclid=IwAR2GNBoPsetXX6B7KEXxqC2CUl65f1w7VNDCRmskDlWNhc2_NhiD3OcDD8Y