Рус Кырг Eng

ИИМ: Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 67 маалымат түштү

ИИМ: Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 67 маалымат түштү

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо күнү Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 67 маалымат түштү. Алардын баары электрондук журналга катталды.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 162-беренеси, “добуштарды сатып алуу” боюнча үч факты, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси, “майда бейбаштык” боюнча 2 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Калган иштер боюнча милиция жеринде окуяларды териштирүүдө.
11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтүп, 26 партиядан 2200дөн ашык талапкер ат салышты. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Аталган үч калаада мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

https://www.azattyk.org/a/31353872.html