Рус Кырг Eng

Бийликтин коррупцияга каршы саясаты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны камактан бошотту.

Ошону менен бирге атайын кызмат октябрдан бери коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5 млрд. сомду мамлекеттик казынага кайтарганын билдирди. Жемкорлукка каршы күрөш кыргыз коомчулугунда талкууланган башкы темалардын бири болуп жатат.

“Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында ушул теманы талкууладык. Студиянын коноктору акыйкатчы Токон Мамытов, юрист Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Руслан Акматбек, Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева жана мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов.