Рус Кырг Eng

Шайлоо-2021. Президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышат — тизме

Шайлоо-2021. Президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышат — тизме

Борбордук шайлоо комиссиянын жумушчу тобу президентикке аттанган 20 талапкер чогулткан кол тамганы изилдеп чыкты.

Текшерүүнүн натыйжасында Боршайком президенттик шайлоого катышуу үчүн 18 талапкерди каттады. Аталган талапкерлер БШКга кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын тапшырып, 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөн. Мындан сырткары алар мамлекеттик тил боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырышкан.

Көпчүлүк талапкерлердин БШКга тапшырган миңдеген кол тамгалары жараксыз деп табылды. Алардын арасында эң көп жараксыз кол тамганы Садыр Жапаров тапшырды — 29 966. Ал эми «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова тапшырган 33 458 колдун 904ү гана талаптарга жооп бербейт деп таанылды.

Талапкерлер БШКга тапшырган кол тамга текшерүү жыйынтыгы боюнча:

Бабур Төлбаев – 58 029 кол, анын 32 393ү жарактуу деп табылган;
Садыр Жапаров – 59 998 кол, анын 30 032си жарактуу деп табылган;
Аймен Касенов – 46 270 кол, анын 31 154ү жарактуу деп табылган;
Арстанбек Абдылдаев – 47 998 кол, анын 30 359у жарактуу деп табылган;
Равшан Жээнбеков – 39 874 кол, анын 30 630у жарактуу деп табылган;
Курсан Асанов – 43 864 кол, анын 30 804ү жарактуу деп табылган;
Элдар Абакиров – 43 630 кол, анын 36 002си жарактуу деп табылган;
Адахан Мадумаров – 39 856 кол, анын 30 760ы деп табылган;
Абдил Сегизбаев – 55 480 кол, анын 30 938и жарактуу деп табылган;
Жеңишбек Байгуттиев – 51 896 кол, анын 31 707си жарактуу деп табылган;
Мыктыбек Арстанбек – 33 083 кол, анын 30 694ү жарактуу деп табылган;
Клара Сооронкулова – 33 458 кол, анын 32 554ү жарактуу деп табылган;
Рашид Тагаев – 40 651 кол, анын 30 083ү жарактуу деп табылган;
Бактыбек Калмаматов – 35 300 кол, анын 30 383ү жарактуу деп табылган;
Каныбек Иманалиев – 35 658 кол, анын 30 701и жарактуу деп табылган;
Имамидин Ташов – 39 493 кол, анын 30 553ү жарактуу деп табылган;
Канат Исаев – 38 987 кол, анын 31 685 жарактуу деп табылган;
Улукбек Кочкоров – 43 804 кол; анын 30 347 жарактуу деп табылган.
Талапкер Кубанычбек Токтосунов тапшырган 30 106 кол тамгаларынын 29 204ү жарактуу болуп табылды. Ал эми БШК талапкер Кубан Чороев тапшырган кол коюу барактарын анык эмес деп тапкан. Чороев бул чечимге нааразы болуп, Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.

 

https://ky.kloop.asia/2020/12/13/shajloo-2021-prezidenttik-shajloogo-18-talapker-at-salyshat-tizme/?fbclid=IwAR368dFhFbiTbybumbMivabJGIeRr6qu8InSpRzPJ1kCMoS8c10BXINy3ys