Рус Кырг Eng

Президенттик шайлоону 11 миң милиция көзөмөлдөйт

Президенттик шайлоону 11 миң милиция көзөмөлдөйт

10-январга белгиленген президенттик шайлоого карата өнөктүктү 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөй турган болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 14-декабрда өткөн онлайн кеңешмесинде чечим кабыл алынды.

Министр Улан Ниязбеков аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө коомдук тартипти сактоо боюнча талкуу уюштурду.

Шайлоого карата ачыла турган 2420 добушкананы милиция тыкыр көзөмөлгө алып, ошондой эле добуш берүүчү бюллетендерди добушканаларга алып барып, алып кетүү иштерин коопсуз уюштурууну камсыздайт.

10-январда Кыргызстанда өлкө президентин шайлоо болмокчу.

https://www.azattyk.org/a/30999419.html