Рус Кырг Eng

Президент болууну каалаган 21 жаран чогулткан кол тамгаларын БШКга тапшырды

Президент болууну каалаган 21 жаран чогулткан кол тамгаларын БШКга тапшырды

3-декабрдын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 21 жарандан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түштү. БШКнын маалыматына караганда алардын алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын чогулткан. Алар төмөнкүлөр:
Клара Сооронкулова – 33 458;
Аймен Касенов – 46 270;
Бабыржан Толбаев – 59029;
Адахан Мадумаров – 39 856 ;
Садыр Жапаров – 59 998;
Равшан Жээнбеков – 39 874 ;
Рашид Тагаев – 40 651;
Элдар Абакиров – 43 630;
Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
Курсан Асанов – 43 864;
Бактыбек Калмаматов – 35 300;
Мыктыбек Арстанбек – 33083;
Абдил Сегизбаев – 55 480;
Улукбек Кочкоров – 43 804;
Кубан Чороев – 39 053;
Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
Канат Исаев – 38 987;
Каныбек Иманалиев – 35 658;
Имамидин Ташов – 35 493.

Ал эми чогулткан кол тамгасы БШК бекиткен чекке жетпей, 15 033 болуп калган саясатчы С. Ибраев жарыштан четтетилди.

Шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктады. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. Боршайком 4-декабрга карата канча талапкер шайлоо күрөөсүн – 1 млн. сомду төккөнү жөнүндө толук маалымат бере элек.

4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. Бул жараян 14-декабрда аяктайт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот.

https://www.azattyk.org/a/30983252.html