Рус Кырг Eng

Президенттик шайлоо: Кол тамгалардын аныктыгы сегиз иш күнүндө текшерилет

Президенттик шайлоо: Кол тамгалардын аныктыгы сегиз иш күнүндө текшерилет

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу анын аныктыгын сегиз иш күнүндө текшерип чыгат. Бул ишке мамлекеттик каттоо кызматкерлери жана сот-экспертиза чөйрөсүндөгү эксперттер тартылат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 4-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү толук аяктады. 3-декабрда саат 23:59га карата президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин ичинен 21 кишинин кол тамгалары БШКга келип түштү. Алар:

Клара Сооронкулова – 33 458;
Аймен Касенов – 46 270;
Бабыржан Толбаев – 59029;
Адахан Мадумаров – 39 856 ;
Садыр Жапаров – 59 998;
Равшан Жээнбеков – 39 874 ;
Рашид Тагаев – 40 651;
Элдар Абакиров – 43 630;
Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
Курсан Асанов – 43 864;
Бактыбек Калмаматов – 35 300;
Мыктыбек Арстанбек – 33083;
Абдил Сегизбаев – 55 480;
Улукбек Кочкоров – 43 804;
Кубан Чороев – 39 053;
Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
Канат Исаев – 38 987;
Каныбек Иманалиев – 35 658;
Имамидин Ташов – 35 493 колтамга чогултуп Боршайкомго тапшырган.

Ал эми Саматбек Ибраевдин чогулткан кол тамгалары 15 033 болуп, белгиленген чекке жетпей калгандыктан президенттик жарыштан четтетилди.

“Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, 3-декабрь – кол тамгаларды тапшыруунун акыркы күнү болчу.

Мыйзам боюнча талапкер өздөрүн колдогон 30 миңден кем эмес кишинин колу коюлган барактарды тапшырууга тийиш. Кол тамгалар 60 миңден ашпашы керек.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

https://www.azattyk.org/a/30983312.html