Шайлоо мыйзамдарына кол коюла элек
Жогорку сот парламенттик кайра шайлоонун датасына байланыштуу маселеге чекит койду. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылы өткөнү калды.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзамга кол коюп, бирок парламентке өтүүнүн босого чегин түшүрүү, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу тууралуу долбоорго кол койбой турат.
Жогорку сот 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын карабай, экинчи ирет кайтарды. Мекеме муну Боршайкомдун арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткени менен байланыштырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңешке шайлоо БШК дайындагандай быйыл 20-декабрда эмес, келерки жылдын 1-июнуна чейин өткөнү калды. Анын алдында конституциялык реформа болот. Тиешелүү мыйзамды парламент кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
БШКнын жетекчисиннин орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңешке шайлоонун күн-айын аныктоо боюнча мындан аркы жол-жобосу тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:
«Конституциялык реформада шайлоону дайындоо кимдин карамагында болору тууралуу нормалар киргизилет. Азыркы мыйзам боюнча парламенттик шайлоо президент тарабынан дайындалат. Менин оюмча Конституцияга жана конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин деле ушундай болот. Конституциялык реформа болгонго чейин президенттик шайлоо өтөт жана ал парламенттик шайлоону дайындайт».
Кол коюла элек долбоор
Жогорку Кеңеш 22-октябрда эки мыйзам долбоорун кабыл алган. Биринчиси – парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго ылдыйлатуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жоюу. Бул долбоор эки окууда каралган.
Экинчиси – «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам. Ал дароо үч окууда колдоо тапкан. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт.
Эки долбоор тең 80ден ашык добуш менен кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго чогуу жөнөтүлгөн. Жапаров экинчи мыйзамга ошол эле күнү кол коюп, биринчи документке ушул күнгө чейин кол коё элек.
Мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири, депутат Алтынбек Сулаймановдун сөзүнө караганда, эки документ президенттин аппаратына бир күндө киргизилген жана экөөнө тең кол коюу тууралуу сүйлөшүү болгон.
«Конституция өзгөртүлүп бир мандаттуу шайлоо системасына өтсөк, бул мыйзам актуалдуулугун жоготот, – деди ал. – Бирок азыркы Конституция боюнча ал мыйзам иштеши керек. Азыр качан кол коюлат деп күтүп жатабыз. Негизи кол коёт деп айтылган. Биз шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамга референдум болсо да парламенттик башкарууну колдойбуз деп кол коюп бергенбиз».
Мыйзам боюнча, президенттин милдетин аткаруучу бир айдын ичинде документке кол коюшу керек же артка кайтарышы зарыл. Садыр Жапаров адегенде Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкаруу киргизүү, бир мандаттуу округдан шайлоону өткөрүү сыяктуу максаттарын айткан.
Референдум кимдин кызыкчылыгында?
Ал эми парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү колдогон партиялар «Үмүт» деген саясий кыймыл түзүп, бийликтен шайлоону өз убагында уюштурууну талап кылып жатышат. Кыймылга кошулган «Реформа» партиясынын мүчөсү Азият Жекшеев Жогорку Кеңеш кабыл алып, бирок кол коюлбай жаткан мыйзам долбоору тууралуу ой бөлүштү:
«Бул – азыркы бийлик парламентаризмге кызыкчылыгы жок дегенди түшүндүрөт. Ал Кыргызстанда супер президенттик башкарууну алып келүүнү каалайт. Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр да даяр болсо керек. Ал эми шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө парламент кабыл алып, бирок кол коюлбай жаткан мыйзам ошол кезде коомчулукту жоошутуш үчүн эле кабыл алынган».
Ал арада Конституциялык палатанын судьялары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга каршы «Реформа» партиясынын арызын кабыл алды. Учурда ишти кароого даярдык жүрүп жатат.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2-ноябрда Баткен облусундагы иш сапарында конституциялык реформа тууралуу коомчулукта айтылып жаткан сын-дооматтарга жооп берди:
«Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады. Кландык системаны жаратып, баарыбызды бай-кедейге бөлдү. Коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформага барабыз. Азыр референдум жана реформа боюнча тиешелүү эксперттер, адистер иштеп жатат. Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт».
«Өзүм билемдик болуп жатат»
Шайлоо күрөөсүнө, босого пайызга байланыштуу мыйзам долбоорун колдогон депутаттар жана анын авторлору парламенттик шайлоону келерки жылга жылдырууга жана конституциялык реформага да макул болушкан.
Алардын бири Алтынбек Сулайманов Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп добуш бергенин, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттик башкаруу системасын жактай турганын кабарлады. Анткен менен конституциялык реформаны колдоп, мыйзамдын авторлору болгон саясатчылар коомчулуктун сынына кабылды.
Саясат талдоочу Айданбек Акматов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына кол койбой жатышынын себептерин мындайча чечмеледи:
«Булар азыр «бир мандаттуу же преференциалдык шайлоо системасын кылсакпы» деп бир ойго келе элек. Ошондуктан мыйзамга кол коюлбай жатат. Негизи аны кабыл алып койсо деле ашыкча болмок эмес. Азыр өзүм билемдик болуп жатат. Эгерде Конституциялык палата кабыл алынган чечимдер туура эмес болгон парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт деген чечим чыгарса, анда шайлоону шашылыш өткөргөнгө туура келип калат».
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы жапырт добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Жогорку сот Боршайкомдун токтомун жокко чыгарды.
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-japarov-election/30925823.html