Рус Кырг Eng

Президенттик шайлоонун калыс өтөрү суроо жаратты

Президенттик шайлоонун калыс өтөрү суроо жаратты

Алдыдагы президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге мыйзам талап кылган бирдей, тең укуктуу шартты камсыз кылуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Айрым саясатчылар президенттин милдетин аткаруучу-премьер-министр Садыр Жапаровдун шайлоонун алдында кадрларды алмаштырып, аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатканын өзүнүн үгүт иштери үчүн ыйгарым укуктарынан пайдалануу аракети катары баалап жатышат.

Садыр Жапаров буга чейин ыйгарым укуктарын тапшырып, анан президенттик жарышка чыгаарын жарыялаган болчу. Саясат талдоочулар мамлекеттик ресурсту пайдаланган талапкердин шайлоодон утуп чыгуу артыкчылыгы жогору болоорун, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт камсыздалышы кажет экенин эске салышты.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары ал президенттикке талапкер катары эмес, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр катары мыйзам чектеген мөөнөткө чейин ишмердигин жүргүзүүгө укуктуу экенин билдирип келет.

Үгүт жүргүзүүдө үстөмдүк болобу?

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки күндөрү өлкөнүн аймактарына барып, жер-жерлерди байма-бай кыдырып, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштады. Ошол эле кезде ал мамлекеттик бийлик органдарынын жана мекеме-уюмдардын жетекчилери алмашпай турганын айткан убадасынан кайтып, бир катар жетекчилерди кызматтан алып, алардын ордуна башка кадрларды дайындады.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-sadyr-japarov-/30925892.html