Рус Кырг Eng

Кыргызстанда COVID-19 ооруга чалдыгуунун динамикасы

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталды. Ошону менен коронавирус жуккандардын жалпы саны 430 киши болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Алардын ичинен сегизи Бишкекте. Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адам.

Жалпысынан 18-марттан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 430 адамга жетти, бешөө каза болду. 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды.