Рус Кырг Eng

Кыргызстанда COVID-19 ооруга чалдыгуунун динамикасы

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 42 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жаңы аныкталгандардын аймактар боюнча саны төмөнкүдөй:

Бишкекте – 10
Ош облусунда – 9

Нарын облусунда – 9

Чүй облусунда – 6
Ош шаарында – 5
Жалал-Абад облусунда – 2
Баткен облусунда – 1

Талас – 0

Жалпысынан 13-апрелге карата бул илдет жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны – 5, айыгып чыккандар – 67.

419 адамдын эң көбү Ош облусунда, 128 адам катталды. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 91, Бишкек шаарында 69, Ош шаарында 59, Нарын облусунда 34, Чүй облусунда 27, Ысык-Көл облусунда 6, Баткен облусунда 5 адам илдет жугузган.

Илдетти жугузуп алгандардын арасынан 79 адам медицина кызматкерлери.