2020-жылдын 20-мартында КР Жогорку Кеңеши тарабынан коомдук талкууга чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу тартиби жөнүндө” мыйзам долбоорун талдоо
2020-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Жеенчороев, Н.Никитенко, Ж.Бакчиев жана Д. Исаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу тартиби жөнүндө” мыйзам долбоору (№ 6-5821/20 19.03.2020-жылдан тартып) коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоордун демилгечилери белгилеп кеткендей азыркы учурда иштеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу тартиби жөнүндө” мыйзамы 2004-жылы кабыл алынган, ошол убакыттан бери эки өзгөрүү киргизилген ( 2007-жылдын 31- июлундагы №122, 2012-жылдын 13-июлундагы №109 КР Мыйзамы менен). Бүгүнкү күндө жаңы мыйзам кабыл алууга зарылчылык пайда болду. Мурункуга салыштырмалуу депутаттар кандай өзгөрүүлөрдү сунуштап жатат?
Биринчиден, мурунку мыйзамга салыштырмалуу, мыйзам долбоорунда терминдердин глоссарии каралган, ал мыйзамдагы колдонулуп жаткан түшүндүрмөлөрдү ачыкка чыгарып, мыйзамды толук түшүнүүгө жардам берет.
Биринчи эле беренелеринде көзөмөлдөө субъектилери аныкталган, тактап айтканда Жогорку Кеңештин кайсы органдары көзөмөлдү аткарат, бул көзөмөлдөө орган катары жалпы Жогорку Кеңеш, комитеттер жана депутаттар, учурда иштеп жаткан мыйзамда көзөмөлдөө функциялары комитеттердин колунда топтолгон. Көзөмөлдөө иш аракетин комитеттер аткарат деп Конституцияда каралган болсо дагы, комитет көзөмөлдөө функцияларына ээ болгон парламенттин туруктуу органы болуп саналганын эске алышы керек. Эгерде көпчүлүк көзөмөлдөө формаларына парламенттин ээ болуусун эске алсак, анда аткаруу органдары тарабынан мыйзамдар аткарылып жаткандыгын активдуу текшерүүгө комитеттердин укугу бар деп жыйынтыктасак болот.
Ошондой эле мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүүлөргө кабылган тараптар аныкталган, алардын ичинде:
– Өкмөт, анын карамагындагы министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийликтин башка органдары; Аймактардагы Өкмөттүн ыгайрым укуктуу өкулдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; жергиликтүү башкаруу органдары;
– Бишка мамлекеттик органдар; Мамлекеттик органдар же жергиликтүү башкаруу органдардын катышуусу менен же мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан мекемелер, уюмдар, юридикалык жактар.
Мамлекеттик үлүшү бар ишканалар, кесиптик союздар, прокуратура органдары парламенттик көзөмөлдөөнүн объектиси боло ала тургандыгы конкреттүү жазылса максаттка ылайык болмок.
Мыйзамдын эмики дагы бир маанилүү артыкчылыгы, мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчетту кайсы мамлекеттик орган же кызмат адамы кандай формада берери демилгечилер тарабынан так көрсөткөнүндө. Бирок, көзөмөлдүн туруктуу колдонулуп келген жана кенен тараган формасы болуп кызмат адамдарынын отчетун жана маалыматын угуу болуп кала берет.
Учурда иштеп жаткан мыйзамга салыштырмалуу парламенттик көзөмөлдүн чеги кеңейтилген: мыйзам долбоорунун 8-беренесинде сот акыйкаттуулугуна киришүүгө гана так тыюу салынган, ошол эле учурда Жогорку Кеңештин мыйзамдарын жана чечимдерин прокуратура органдары, алгачкы текшерүү жана тергөө органдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө “ушул органдардын жана кызмат адамдардын өз алдынчалуулугун жана көз карандысыздыгын эске алуу менен” жүргүзүлөт. Эгерде парламенттин мыйзам канчалык туура түшүнүү менен кабыл алынгандыгын жана канчалык деңгээлде аткарылгандыгын көзөмөлдөө ыйгарым укугун ала турган болсок, анда демилгечилердин мындай көзөмөлдү акыйкат сотту аткаруучуларына гана карата чектегени туура.
Бирок, бул мыйзам долбоорунда “министрликтердин, ведомстволордун менчик формалары ар кандай болгон уюмдардын, актаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөнү жок текшерилишине” жол бербеген норма, учурда иштеп жаткан мыйзамдын 3-беренесиндеги жана алардын оперативдүү ишмердүүлүгүнө кийлигишпөө нормасы жок. Бул парламенттик көзөмөлдүн рационалдуу эмес пландаштырылышына, ар кандай мыйзамдардын аткарылышына комитет жана Жогорку Кеңештин өзүнүнүн көзөмөлдөөсүнүн кайталанышына калып келиши ыктымал. Ошого карабастан мыйзам долбоорунда парламенттик көзөмөл жарандардын өздүк жашоосуна кийлигишүүгө болбосу ачык жазылганына татыктуу баа берилиши керек.
Парламенттик көзөмөлдөөнүн бардык объектилеринин милдеттерине тийешелүү болгон маалымат берүү мыйзам долбоорунун 11-беренесинде берилген. Ага ылайык, органдардын кызмат адамдары жана уюмдар чындыкка жатпаган же жагдайды туура эмес көрсөткөн маалыматты беришсе, түшүнүк берүүдөн себепсиз баш тартса, маалыматка, көрсөтүлгөн органдардын документтерине же кызмат бөлмөлөрүнө болгон жеткиликтүүлүктү бууса, Жогорку Кеңештин отурумдарына келишпесе, анда бул Жогорку Кеңеш тарабынан күнөөлү кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотуусуна чейин жоопкерчиликке тартуу маселесин кароого негиз боло алат.
Учурда иштеп жаткан мыйзамда мындай берене жок болчу, андыктан төмөнкүдөй суроо туулат: бул жаңы нерсе аткаруучулардын ансыз деле оор абалын мыйзам аткаруусун жеңилдетеби же тескерисинче татаалдаштырабы?
Иштеп жаткан мыйзамда да, мыйзам долбоорунда да айтылгандай парламенттик көзөмөлдүн негизиндеги текшерүүнүн жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында басылышы мүмкүн, бирок учурда иштеп жаткан мыйзамга салыштырмалуу мыйзам долбоору текшерүүнүн жыйынтыгын сотторго даттануу менен кайрылуу укугун караган эмес. Парламент өкүлчүлүк орган катары мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү элдин атынан жүргүзүп жаткандыктан, текшерүүнүн жыйынтыгы ЖМКларда басып чыгаруу нормасын “ЖКнын сайтына жайгаштыруу” директивдүү нормасына алмаштырылса туура болмок.
Ошентип учурда иштеп жаткан мыйзам менен мыйзам долбоорунун айырмачылыктарын биз сиздердин алдыңыздарда ачыктап бердик, бирок демилгеленген мыйзам долбоору кандай кабыл алынарын, жана ага кандай өзгөртүүлөр киргизилерин мезгил жана биздин Жогорку Кеңеш көргөзөт.
Жанна Ковальчук, парламентаризм боюнча эксперт