Рус Кырг Eng

Талкуу платформасы: Ала качуу – салттуу кылмыш?

Талкуу платформасы түз эфирде!
2019-жылы Кыргызстанда ала качууга жаза катаалданган. Адамды никеге туруу максатында уурдоо, башкача айтканда кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.
Мындан тышкары, адамды никеге туруу максатында уурдоо фактысына катыштыгы бар башка адамдарга мыйзам талабына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.
Бирок кырдаал анча деле өзгөргөн жок. Жыл сайын жүздөгөн кыздар ала качуунун курмандыгы болуп, никеге турууга мажбур болушат.
Зордук-зомбулуктун курмандыктары жана көбүнчө үй-бүлөлөрү тарабынан четке кагылгандыктан, алардын көбү туткунда калууга аргасыз болушат. Жардам сурап укук коргоо органдарына же укук коргоочуларга кайрылууга батынгандар аз.
Бүгүн Талкуу платформасынын түз эфиринде конокторубуз менен мына ушуларды кеп кылабыз.
Мырзакул Осмонов – муфтитяттын үгүт насаат бөлүмүнүн адиси жана жактоочу, эксперт Эсения Рамазанова.
Толук видео шилтемеде  https://www.youtube.com/live/74tNewXNk24?si=VAlYAeIgAlQm4wkt