Рус Кырг Eng

Кант шаарындагы коомдук угуулар

«Жарандык платформа» Коомдук фонду Ысык-ата районундагы Кант шаарында коомдук угуулардын демилгечиси болду. Ысык-ата районунун шайлоочуларынын проблемалары КР ЖК депутаттарынын катышуусунда коомдук талкууга чыгарылды.

Депутаттардын өлкөнүн бардык регионундагы шайлоочулар менен ачык дискуссиялар үчүн башаты жолго коюлду. Жерине баруу менен биринчи жолугушуунун катышуучулары – Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын депутаттары -– «Өнүгүү- Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакиров, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Аида Исмаилова, «Кыргызстан» фракциясынан Таалайкул Исакунова, «Ата-Мекен» фракциясынан Наталья Никитенко, «Бирбол» фракциясынан Лунара Мамытова, СДПК фракциясынан Ашэра Халикова «Ата-Мекен» фракциясынан Аида Салянова болду. Жолугушууда, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБ органдарынын, НПОлордун өкүлдөрү, райондун активисттери жана ЖМКлар катышты.