Рус Кырг Eng

Шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеште алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү камтылган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Ага бүгүн, 14-майдагы сессияда каттоодон өткөн 107 депутаттын 101и «макул», алтоо «каршы» деген добуш беришти.

14-майда талкууланган мыйзам ««Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Документ эми экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Андан кийин президентке жиберилет. Мыйзам долбоору быйыл 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.