Рус Кырг Eng

Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды сунуш кылып жатат

Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды сунуш кылып жатат

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлдөрү сунуш кылып жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары жазылган.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты Интернеттеги жалган маалыматтардан коргонууну камсыз кылуу, маалымат жайылтууда интернет-провайдерлер менен колдонуучулардын укуктары менен милдетин жана буларды жөнгө салуучу органдын функцияларын аныктоо экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт», деп жазылган. Мыйзам долбоорун толук бул жактан көрсөңүз болот.

Эл өкүлдөрү мындай мыйзам долбоорлору Европа өлкөлөрүндө да бар экенин белгилешкен.

https://www.azattyk.org/a/30612498.html