Өкмөттүн жаңы курамы ант берди (фото)
Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Ант берүү аземи Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-ноябрдагы отурумунун алкагында өттү, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Жаңы курам:
– Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шарипович;
– Биринчи вице-премьер-министр Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшөкеевич;
– Вице-премьер-министр Панкратов Олег Михайлович;
– Вице-премьер-министр Султанбекова Чолпон Аалыевна;
– Вице-премьер-министр Разаков Жеңиш Парпиевич;
– Өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Осмоналиев Акылбек Шарипович;
– Экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович;
– Финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;
– Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;
– Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов;
– Юстиция министри Ахметов Уран Түлөндиевич;
– Тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;
– Ички иштер министри Исраилов Улан Жумабекович;
– Өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;
– Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;
– Маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович;
– Билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;
– Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Cегизбаев Абдил Кенешевич;
– Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович;
– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршенбиев Бакыт Нуржанович.