Рус Кырг Eng

Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган КР Өкмөтүнүн Программасы, түзүмү жана курамы өлкө парламенти тарабынан бекитилди

Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган КР Өкмөтүнүн Программасы, түзүмү жана курамы өлкө парламенти тарабынан бекитилди

Парламенттик көпчүлүк коалициясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Узакка созулган талкуулардын жыйынтыгында парламент Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Өкмөттүн программасы үчүн каттоодон өткөн 115 депутаттын 106сы “макул” деп добуш берип, 8и каршы добуш берди, Өкмөттүн түзүмү үчүн каттоодон өткөн 116 депутаттын 112си “макул” деп добуш берсе, 4ү каршы добуш берген, Өкмөттүн курамы үчүн каттоодон өткөн 116 депутаттын 112си “макул” болсо, 4ү каршы добуш берген.

2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалган Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөттүн жаңыланган программасын иштеп чыгууда негизги басым башталган иштерди улантууга жасалды жана өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн жаңы милдеттери аныкталды.
Талкуулоонун жүрүшүндө мамлекеттин бардык тармагына тийиштүү маселелер, анын ичинде экономикалык жана социалдык мүнөздөгү маселелер, айыл чарба, тоо-кен, энергетикалык тармагын колдоого алуу жана өнүктүрүү, унаа жолдорун реконструкциялоо маселеси козголду. Жогорудагылар боюнча сын-пикирлер айтылды.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан айтылган бардык сын-пикирлер Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынат. Ал билдиргендей, Өкмөттүн негизги милдети – өлкөдө экономикалык өнүгүүнү камсыздоо болуп саналат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөртүлгөн эмес.
Төмөндө парламент тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы:

Премьер-министр –Жээнбеков Сооронбай;
Биринчи вице-премьер-министр – Абулгазиев Мухамметкалый;
Вице-премьер-министр – Панкратов Олег;
Вице-премьер-министр – Султанбекова Чолпон;
Вице-премьер-министр – Разаков Жеңиш;
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр – Осмоналиев Акылбек;
Экономика министри – Кожошев Арзыбек;
Финансы министри – Касымалиев Адылбек;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек;
Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек;
Юстиция министри – Ахметов Уран;
Тышкы иштер министри – Абдылдаев Эрлан;
Ички иштер министри – Исраилов Улан;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Боронов Кубатбек;
Саламаттык сактоо министри – Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Казаков Түгөлбай;
Билим берүү жана илим мирнистри – Кудайбердиева Гүлмира;
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Исакунова Таалайкүл;
Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Шаршембиев Бакыт;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Сегизбаев Абдил;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматы – Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

http://kabar.kg/kyr/politics/full/78338