Рус Кырг Eng

КСДПнын саясий кеңешинин курамы өзгөрдү

КСДПнын саясий кеңешинин курамы өзгөрдү

КСДПнын саясий кеңешинин курамы өзгөрдү

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы КСДП партиясынын курултайында саясий кеңештин курамы өзгөрүп, жаңыланды. Анын курамына Бишкек жана Чүй облусунан Иса Өмүркулов, Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Ирина Карамушкина, Сапар Исаков, Мухтар Айнакулов, Асел Кодуранова, Марат Аманкулов, Кубанычбек Кулматов, Ашэра Халикова;

Ош шаары жана Ош облусунан Сооронбай Жээнбеков, Абдыманап Кутушев, Торобай Зулпукаров, Искендер Матраимов, Жапарбек Ормонов, Равшан Рыспаев, Тохтасин Раимжанов;

Ысык-Көл облусунан Жаңыл Желденова, Данияр Аттокуров, Анарбек Белеков, Узарбек Жылкыбаев;

Нарын облусунан Чыныбай Турсунбеков, Жылдыз Мусабекова, Дүйшөн Ирсалиев, Калыкбек Султанов;

Жалал-Абад облусунан Нурбек Касымбеков, Осмонбек Артыкбаев, Кыянбек Сатыбалдиев, Каныбек Түмөнбаев, Бакыт Субанов;

Баткен облусунан Икрамжан Илмиянов, Мурадыл Мадеминов, Жусубали Исаев, Мунарбек Насиров;

Талас облусунан Гүлкан Молдобекова, Алиясбек Алымкулов, Гүлнара Садырова кирди.

Курултай Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо комплексинде өттү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, партиянын саясий кеңешин жаңылоо маселелери талкууланды. (NT)

http://www.azattyk.org/a/27891404.html

28. Разделы: Главная+ парламентаризм

Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коомдук талкууга коюлду

Парламент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Референдум дайындоо маселесин 29-июлдан тарта коомдук талкууга койду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

27-июлда парламенттеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканы белгилүү болгон. Жарандык активисттер бул бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонууда. (ZKo)

http://www.azattyk.org/a/27889950.html