Рус Кырг Eng

Жарандык активисттерге Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилет

Жарандык активисттерге Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилет

Жарандык активисттерге Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилет

Бул демилгени “Жарандык көзөмөл комитети” ишке ашырууда. Аталган уюмдун өкүлү Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 17-август күнү Ош шаарындагы бейөкмөт уюмдар менен видеоконференция болот:

– Бейөкмөт уюмдарга Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат беребиз. Анткени, кандай өзгөртүүлөр киргизилет, маалыматтарды кайдан алууга болот, көпчүлүк али кабарсыз.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин парламенттеги төрт фракция көтөрүп чыгып, бул коомдук талкууга сунушталган. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү менен бийликти узурпациялоо аракети жүрүүдө деп билдиришүүдө.

http://www.azattyk.org/a/27922595.html