Рус Кырг Eng

КСДПнын курултайы референдумга даярдыкпы?

КСДПнын курултайы референдумга даярдыкпы?

КСДПнын курултайы референдумга даярдыкпы?

31-июлда бийликтеги Социал-демократтар партиясынын курултайы өтүп, анын саясий кеңеши жаңыланды. Бир катар жогорку кызматтагы адамдар саясий кеңешке мүчө болду.

Партиянын XV курултайы Чолпон-Атадагы Рух-Ордо этнокомплексинде өттү.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө жүрсө да КСДПнын курултайына катышкан жок. Муну КСДПнын лидери, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин мыйзамдын талабына ылайык, партиядан чыкканы менен түшүндүрдү.

Партиянын 31-июлда өткөн кезектеги съездине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Бишкек мэри Албек Ибраимов баштаган КСДП мүчөлөрү, аймактардан келген делегаттар катышты. Мындан сырткары Орусиянын “Адилеттүү Орусия”, Казакстандын “Нур Отанынан”, Түштүк Кореянын Бирдиктүү демократиялык жана Кытайдын коммунисттик партиясынан да өкүлдөр конок катары катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Парламенттеги башка фракциялардан “Кыргызстандын” лидери Канат Исаев жалгыз катышып, КСДП менен үзөңгүлөш экенин дагы бир ирет кайталады.

Саясий кеңеш өзгөрдү

Курултайда партиянын 40 кишиден турган саясий кеңешинин жаңы курамы шайланды. Дагы кандай чечимдер алынганы тууралуу парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркулов буларды айтып берди:

– Курултайда партиянын буга чейинки аткарган иштерине баа берилди жана алдыдагы багытыбызды аныктап алдык. Парламенттик шайлоодон берки ишмердигибиз боюнча жыйынтык чыгарып, кетирген кемчиликтерди оңдоо боюнча сүйлөштүк. Жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоого даярдык тууралуу сүйлөштүк. Уставды өзгөрттүк. Жаңы толуктоолорду киргиздик. Мындан тышкары саясий кеңештин жаңы мүчөлөрүн бекиттик.

Саясий кеңештин курамынын дээрлик үчтөн экиси өзгөрдү. Маселен, курултайдан кийин Саясий кеңештин курамын төмөндөгүлөр түздү: Бишкек жана Чүй облусунан Иса Өмүркулов, Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Ирина Карамушкина, Сапар Исаков, Мухтар Айнакулов, Асел Кодуранова, Марат Аманкулов, Кубанычбек Кулматов, Ашэра Халикова;

Ош шаары жана Ош облусунан Сооронбай Жээнбеков, Абдыманап Кутушев, Төрөбай Зулпукаров, Искендер Матраимов, Жапарбек Ормонов, Равшан Рыспаев, Тохтасин Раимжанов;

Ысык-Көл облусунан Жаңыл Желденова, Данияр Аттокуров, Анарбек Белеков,Узарбек Жылкыбаев;

Нарын облусунан Чыныбай Турсунбеков, Жылдыз Мусабекова, Дүйшөн Ирсалиев, Калыкбек Султанов;

Жалал-Абад облусунан Нурбек Касымбеков, Осмонбек Артыкбаев, Кыянбек Сатыбалдиев, Каныбек Түмөнбаев, Бакыт Субанов;

Баткен облусунан Икрамжан Илмиянов, Мурадыл Мадеминов, Жусубали Исаев, Мунарбек Насиров;

Талас облусунан Гүлкан Молдобекова, Алиясбек Алымкулов, Гүлнара Садырова кирди.

Бир эле учурда Жогорку Кеңешти да, КСДПны да башкарып жаткан Чыныбай Турсунбеков партия өлкөнү өнүктүрүүдө локомотив болуп жатканын баса белгилеп, алдыда да алгылыктуу иштер жасаларын убада кылды.

Турсунбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаев келерки президенттик шайлоого катышпай турганын, бирок партия талапкер чыгарарын кыйытты.

– Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катышпайт. Премьер-министр болоюн деген ою да жок. Муну өзү деле айтып келет. Бирок КСДП президенттикке талапкер көрсөтөт. Азыр даярдыктар жүрүп жатат. Жакындаганда жарыя кылабыз.

Партия эмес, президент чечеби?

Серепчилер партиянын курултайын жана саясий кеңешинин өзгөргөнүн алдыда күтүлүп жаткан ири саясий жараяндарга байланыштырууда.

Бирок коомдук ишмер Эдил Байсалов партиянын саясий кеңешинин курамы өзгөргөн күндө деле баары бир КСДП үчүн чечимди жалгыз президент кабыл аларын айтат.

– Саясий кеңеш буга чейин деле өзгөртүлгөн. Акаевдин, Бакиевдин убагында деле ушундай болчу. Саясий кеңеш чогулуп, ийри олтуруп, түз кеңешип маанилүү чечим алганын уга элекмин. КСДПнын партия катары өз алдынча позициясы, багыты жок. Баарын президент Алмазбек Атамбаев чечет. Кожоюн кандай айтса партия ошону гана аткарат.

Ал арада айрым байкоочулар КСДПНын чукул съездин күзгө мерчемделген референдумга жана алдыдагы президенттик жана жергиликтүү шайлоолорго даярдык катары баалашууда. Алардын бири саясий серепчи Эмил Жураевдиною төмөнкүчө.

– Алдыда референдум жана жергиликтүү шайлоолор турат. Бул окуялар КСДП сыяктуу чоң партиялар үчүн абдан маанилүү. Муну президенттик шайлоого даярдык катары бааласак болот. КСДП референдумга эмитен даярдык көрө баштады. Анткени демилге артында президент өзү турат. КСДПчылар эми референдум зарыл деген сыяктуу пропагандалык ишти аткарат.

Кыргызстан Cоциал-демократтар партиясы 1993-жылы түптөлгөн. Учурда өлкөнүн маанилүү кызматтарын дээрлик аталган партия мүчөлөрү ээлеп келет. Соңку парламенттик шайлоодо КСДП 38 мандатка ээ болгон.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_sdpk_/27892113.html