Рус Кырг Eng

Апта: Бийлик Конституцияны өзгөртүүнү кайра көтөрдү

Апта: Бийлик Конституцияны өзгөртүүнү кайра көтөрдү

Апта: Бийлик Конституцияны өзгөртүүнү кайра көтөрдү

Узап бараткан жумада Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча кезектеги референдум өтө турганы маалым болду.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинин таасири кыргыз-түрк мамилесине тие баштады. Кыргыз өкмөтүндө өз статистикасына ишенбөөчүлүк бар.

Президенттин конституциялык реформа демилгеси

Кыргызстанда кезектеги референдум жарыяланганы турат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча күзүндө референдум даярдалууда.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун макулдашты.

Ошол эле Иса Өмүркуловдун сөзү боюнча, Конституцияны өзгөртүүнүн максаты – сот системасын реформалоону тездетүү жана өкмөт башчынын ыйгарым-укуктарын кеңейтүү:

– Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүү, өкмөткө кошумча ыйгарым укук берүү жана башка кошумчаларды киргизүү сунушталат. Төрт фракциянын өкүлдөрү катышып жатат. Булар КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары.

Добуш берүүгө кезек күткөн жоокерлер, 4-октябрь, 2015

Мына ушундай мазмунда Конституцияга өзгөртүү демилгеси 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары тарабынан көтөрүлгөн. Бирок коомчулуктагы нааразылыктарга байланыштуу деген жүйө менен президент Алмазбек Атамбаев тарабынан токтотулган.

Бирок парламенттик шайлоодон кийин 6-ноябрда президент Атамбаев өзү конституциялык реформа жөнүндө маселе көтөрүп чыккан. Анда Атамбаев масштабдуу өзгөртүүлөргө барууну – таза парламенттик системага өтүүнү сунуштаган.

Парламенттик шайлоодогу айрым партиялардын ийгилигин көргөн президент Атамбаев, азыркы Конституцияны пайдаланып, “чыйрак балдар” мурунку системаны калыбына алып келет деп эскерткен. Бирок ал сөздөн кийин реформаны жүргүзүү боюнча эч кандай аракеттер жасалган эмес. Эми президенттик шайлоо жакындаган мезгилде Конституциялык реформа маселеси кайрадан көтөрүлүп, аны турмушка ашыруунун мезгили аталды.

Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор жарыялана электиктен анын масштабы жана тереңдиги жөнүндө айтуу кыйын. Бирок Конституциялык реформаны мөөнөтү бүтүп бараткан президент жана анын айлана-чөйрөсү демилгелеп жаткандыктан, анын максаты алардын бийлигин жана таасирин сактап калуу амалы катары кароого болот. Ал аракеттер ыйгарым укуктары күчөтүлгөн өкмөт башчылык орунду Алмазбек Атамбаевге даярдоодон тартып, орчундуу мамлекеттик кызматтарда президенттин адамдарын узак мөөнөткө калтыруу менен коштолушу күтүлөт.

Оппозиция Конституциялык реформага каршы чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерлери Адахан Мадумаров бийлик аракетине каршылык болорун билдирди. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков“бийликти узурпациялоону” токтотуу талабы менен чыкты:

– Чынында айланып келип эле президенттин ыйгарым укуктарын бекемдөө, өздөрүнө жайлуу шарт түзүүнү көздөшүүдө. Өздөрүнө шарт түзүү дегенде премьер-министр, вице-премьер-министр болгондо депутаттык мандатты сактап калууну атайбыз. Булардын баары бийликке, өздөрүнө шарт түзүү. Экономикада, социалдык турмушта, мамлекеттин жалпы саясатын өзгөртүү булардын биринин да оюнда жок.

Равшан Жээнбеков конституциялык реформа аркылуу Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башына келишине даярдык көрүү аракети болуп жатышын четке каккан жок.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова жарандык коомдун өкүлдөрү демилгеленип жаткан конституциялык реформага өз пикирин билдирерин, жеке өзү Конституцияны өзгөртүү натыйжа алып келбейт деген пикирде экенин айтты:

– Конституцияны өзгөрткөндө эле тартип коргоо органдары, сот системасы реформа болуп калбайт. Азыркы Конституция менен деле көп жакшы иштерди жасаса болмок. Бул деген шайлоонун алдындагы саясий аракет.

31-июлда Чолпон-Атада Социал-демократтар партиясынын курултайы өттү. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков да катышты. Курултайдын күн тартибине өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана партиянын саясий кеңешин кароо сыяктуу маселелер киргизилген.

Курултайда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Атамбаев кийинки президенттик шайлоого барбайт, өкмөт башчы да болбойт деп билдирди. Анын айтуусунда, Социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого башка талапкер көрсөтөт. Чыныбай Турсунбеков коомчулукта Конституцияны өзгөртүүгө президенттин кызыкчылыгы бар деген сөздөр суу кечпесин белгилеп, референдум күч структураларындагы жана башка бир катар тармактардагы реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болуп жатканын билдирди.

Азыркы Конституциянын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев өзгөртүү жөнүндөгү долбоор менен тааныш эместигин билдирди. Анын айтымында, долбоор коомдук талкууга коюлуп, андан кийин сентябрь айында парламентте каралышы күтүлөт. Азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү референдум аркылуу гана мүмкүн болгондуктан күзүндө референдум жарыяланат.

Жарандык активисттер бул бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонууда. Алар социалдык тармактарда “Конституцияны өзгөртүүгө каршы” кол топтоо акциясын башташкан.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_apta/27889887.html