Рус Кырг Eng

Зулушев: депутат мыйзам жазбашы керек

Зулушев: депутат мыйзам жазбашы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун “Арай көз, чарай” талкуусунда маек куруп жатып депутаттардын мыйзам жазуу регламентин өзгөртүш керек экенин айтты. Эл өкүлү мыйзамды өкмөт, тийиштүү органдар, жарандар жазып парламент аларды кылдат иликтеп кабыл алып гана бериши керек деп эсептейт. Учурда Жогорку Кеңеш айрым долбоорлорду жакшы талкуулаганга үлгүрбөй кабыл алып, мыйзамдар чийки болуп калып жатат.

“Депутат мыйзам жазбашы керек деп регламенти оңдош керек. Депутаттын иши мыйзамды анализдеп, оң терс жактарын дыкат иликтеп кабыл алып же четке кагыш. Өкмөт же тийиштүү органдар мыйзамды жазып келсе туура болот” – деди депутат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы V сессиясында 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алган. 500дөн ашык парламенттик угуу, коомдук талкуу өтүп, жарандардан 20 миңдей кат келген.

https://www.azattyk.org/a/30218918.html