Рус Кырг Eng

Жылышынан жыдышы көп сот реформасы

Жылышынан жыдышы көп сот реформасы

«Кыргызстандагы сот реформасынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин ролу кандай болду?» деген суроо кайрадан күн тартибине чыгууда.

Сотторду тандоо, коррупциядан арылтуу, калыстыкка жетишүү, тиешелүү мыйзамдар менен камсыз кылуу максаттары ишке аштыбы? Сот системасын канткенде толук жарамдуу бийлик бутагына айландыра алабыз? Ушул суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев жана укук коргоочу Рита Карасартова катышты.

«Азаттык»: – Урматтуу эксперттер, экөөңүздөргө тең бир суроо: 2010-жылдан бери сот реформасы Кыргызстанда жүрүп келатат. Анын кайсы бир жыйынтыктары, натыйжалары болдубу? Болбосо ага эмне тоскоол, эмне кедерги болду?

Курманкул Зулушев: – 2010-жылдан бери сот реформасы коомдогу негизги темалардын бири болуп келатат. «Артта калган тогуз жыл ичинде парламент сот реформасы боюнча кандай салымын кошту?» деген суроо туулат. Ушул аралыктын ичинде Жогорку Кеңеш 7 кодексти жана бир топ мыйзамдарды кабыл алды. Ошол мыйзам актылары 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, иштеп жатат. Маселе алардын кабыл алынышында эмес. Кеп жаңы кабыл алынган мыйзамдар, кодекстер кандай шартта кабыл алынды, сапаты кандай болду, кандай иштеп жатат, коомго кандай таасир берип жатат – ушунда, бул талдоо жүргүзө турган башкы маселе. Тилекке каршы, 2010-жылы «сот системасын толук реформалайбыз, сот адилеттигине жетишебиз» деген максаттарыбыз куру кыял боюнча калып атат. Мыйзамдар бар, анча-мынча аракеттер бар, бирок адилет сотту тандай алдыкпы? Бизде аракеттер бар, натыйжа жок. Мыйзамдарды кабыл алууда, сотторду тандоодо болобу, айрым тараптардын кызыкчылыктары басымдуулук кылгандыктан сот реформасы алга жылбай жатат.

Рита Карасартова: – Кайсы мамлекет болбосун, сот реформасынын негизги максаты – соттордун көз каранды эместигине жетишүү. Кыргызстандагы сотту өзгөчө бийлик бутагы катары карап, эгер кылмыш кылса сот депутатты, президентти жоопко тарта алат деген деңгээлге жетишибиз керек болчу. Эл калыстыкты соттон издейт. Соттун көз каранды эмес болушу үчүн үч фактор керек экен. Биринчиси – мамлекет тарабынан каржылоо, экинчиси – сотторду ким, кандай тандайт, үчүнчүсү – сотторду ким дайындайт, ким жумуштан бошотот деген маселелер. Ушул үч фактордун биринчисине гана анча-мынча гана көңүл бурулган. Мыйзам боюнча мамлекеттик бюджеттин 2 пайызы сот системасына бөлүнө турган талап болсо, азыр 1 пайызга жакындады. Мурда сот бийлигине 0,38 эле пайыз берилчү. Бул да кайсы бир деңгээлде салыштырмалуу эки эсе көп, жылыш бар. Ошого карабай элдин сотко болгон нааразылыгы төмөндөгөн жок, жасалма тоскоолдуктар али көп. Ал эми сотторду тандоо жана аларды дайындоо, бошотуу жагына келгенде саясатташкан маселелер толтура. Эмне үчүн сот реформасынын натыйжасына жетише албай жатабыз? Ага да көп себептер бар. Алардын бири – мисалы, Жогорку Кеңеште сот өзүнчө бийлик экенин, ал калыс болушу зарыл экендигин түшүнгөн депутаттар аз. Көпчүлүк депутаттар «сотторду көз каранды кылып алсам, жеке ишим алга жылат» деп ойлошот. Ошондуктан парламент тараптан кысым, басым болуп жатат деген пикирлер бекеринен эмес. Азыр сотторду ким тандап жатат? Алардын аттарын эч ким билбейт. Сотторду коомдо орду, салмагы, аброю бар, таанымал адамдар тандашы керек. Ошондой адамдарды парламент тандап берсе коомдо сотторго ишеним жаралмак.

«Азаттык»: – Курманкул мырза, соттордун сапаты жөнүндө кеп кылганда, аларды тандоодо көп кемчиликтер, алешемдиктер бар экендиги көп айтылат. Сотторду тандоонун бүгүнкү жоболору, эрежелери мыкты, кесипкөй сотторду табууга шарт түзөбү?

Курманкул Зулушев: – Бул жерде көп факторлорду айтсак болот. Биринчиден, 2010-2013-жылдары Сот тандоо кеңешинин курамы кеңири, мүчөлөрү көп болчу. Анда коомдун ар кыл тармагынан өкүлдөр бар болчу. 2016-жылдагы конституциялык реформанын алкагында Сот тандоо кеңешинин курамын 9 адамга чейин азайттык. Мурда сотторду 3 тур менен тандашса, азыр кандай эреже менен тандап жатышканы белгисиз. Кеңешке кирген 9 адамда күнөө жок, маселе аларга жазып берген жоболордо, регламенттерде. Тартип комиссиясына байланыштуу да көп түйшүк жаралды. Азыр соттордун тажрыйбасы эске алынбай калды, соттордун курагы бир топ жашарды. Бир кызык көрүнүш – сотторду окутуу борборлорунда мурда судьялыкка өтпөй калгандар азыр сотко билимдүү деп өтүп келгендерди окутуп, үйрөтүп жатат.

«Азаттык»: – Рита айым, азыркы Жогорку Кеңеш соттордун ойдогудай иштешин шарттаган мыйзамдык, укуктук базасын түзүп бере алдыбы?

Рита Карасартова: – Сот реформасына эле тиешелүү болбосо да Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алууда сапаттык жагына эмес, мыйзамдардын санына көбүрөөк көңүл бурганы байкалат. Мисалы, кайсы бир мыйзамдын бир пунктуна өзгөрүү кирсе деле бир мыйзам жазылган болуп эсептелип калып жатат. Эки комитет эки жума айырма менен бир мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө ниеттенип жатканын байкап калабыз. Сотторго байланыштуу мыйзамдар каралып жатканда депутаттардын өзүлөрүнүн кызыкчылыгы бардай сезилип кетет.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-court-reform-discussion/30218052.html