Рус Кырг Eng

Борбор калаанын Октябрь районунда үй комитеттери үчүн шайлоо процесси боюнча окутуу болуп өттү.

Шаар мэриясынын Октябрь административдик району боюнча  муниципалдык администрациянын залында райондун үй комитеттеринин өкүлдөрү жана ЖАБ кызматкерлери үчүн жарандык укук боюнча окутуу болуп өттү.

Мэриянын пресс-кызматынан маалымдашкандай,  өткөрүлгөн тренингдин  максаты шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоого катышуу эрежелерине жана негиздерине окутуу, шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо укуктары бузулган учурларда аларды коргоо.

Тренингдин аякташы менен жигердүүлүгү менен айырмаланган  катышуучуларга  сертификаттар тапшырылды.

Окутууну  «Жарандык  платформа» Коомдук фондунун өкүлдөрү  Зульфия Турумбекова жана Лола Атабаева өткөрүштү.