Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 15-августта илинет – МКК
17.08.17
![Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 15-августта илинет – МКК](https://platforma.kg/wp-content/uploads/2017/08/2-7-810x438.jpg)
Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга шайлоочулардын болжолдуу тизмесин берди.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, болжолдуу тизмеге 18ге толгон жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргызстандын жарандары кирди. Тизме боюнча шайлоочулардын саны 2 млн 914 миң 588 адамды түзгөн.
Белгилүү болгондой, 15-августтан тартып шайлоочулардын болжолдуу тизмеси шайлоо участкаларында илинет. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоого чакырат. Ал үчүн шайлоочулар МККнынwww.shailoo.srs.kg сайтынан же 119 номери аркылуу Call-борборго байланышса болот. Телефон чалуу акысыз.
http://kabar.kg/kyr/news/shailoochulardyn-bolzholduu-tizmesi-15-avgustta-ilinet-mkk/
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=6804