Рус Кырг Eng

Кыргызстанда «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалымат өнөктөштүгү жүрүп жатат.

«Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» ушундай аталыш менен «Жарандык платформа» Коомдук фонду  маалыматтык- билим берүү өнөктүгүн ишке ашырып жатат. Өнөктүк ушул жылдын июль айында башталган жана  добуш берүүдөгү жарандардын  аң-сезимдүү түрдө тандоосунун маанилүүлүгүнө, ошону менен бирге таза жана айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган!

Өнөктүктүн негизги максаты, калктын шайлоо процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар, ошону менен бирге добуш берүү жол-жобосу жана жарандардын негизги укуктары тууралуу билүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Бишкек жана Ош шаарларында эки маалыматтык-ресурстук борборлору иштеп жатышат(МРБ). Жарандар, адистерден кесипкөй консультацияларды,  шайлоо укугу жана шайлоо процессине байланыштуу баардык суроолор боюнча керектүү маалыматтарды ала алышат.Аналитикалык жана укуктук колдоо «Жарандык  платформа» КФнун атайын даярдалган эксперттеринин тобу менен коштолот.

Жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого жана шайлоо мыйзамдарындагы укук бузуулар боюнча ыкчам маалыматтарды жыйноо үчүн маалыматтык-ресурс борборлорунда 1590 кыска номерлүү ишеним линиясы иштей баштайт.

Өнөктүктүн алкагында, «Жарандык платформа» КФнун ыктыярчылары шайлоо процессинин эрежелерине байланыштуу инструкцияларды жана көрсөтүлүүчү материалдарды таркатышты. Материалдар, шайлоо учурунда жана шайлоо алдындагы укук бузуулар, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жана жарандарды шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле жарандардын добуш берүү жол-жобосу, добуш берүү кадамдары жана башка бир катар пайдалуу маалыматтар түшүнүктүү жана көрүнүктүү тилде баяндалган.

Ушул демилге Швейцария элчилигинин колдоосу астында, ошону менен бирге ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин DFID  долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Кененирээк маалыматты Сиз www.platforma.kg  сайтынан же +996 (312) 911 010 телефонуна чалуу аркылуу биле аласыз.

Өнөктүк, ушул жылдын 15-октябрында өтүүчү өлкө Президентин шайлоо алдында өткөрүлөт.