Рус Кырг Eng

Бишкекте узак мөөнөттүү байкоочулар үчүн тренингдер өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандагы 2017-жылкы Президенттик шайлоо алдында  КФ «Жарандык  Платформа» узак мөөнөттүү байкоочуларды окутууну ишке ашырууда.

Окутуу  2017-жылдагы Президенттик шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө көз карандысыз байкоону жүргүзүү  аркылуу «2017-жылдагы Президенттик шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөктөшүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Көз карандысыз байкоо жүргүзүү боюнча иш-чаралар Швейцария элчилигинин колдоосу астында, ошону менен бирге «Шайлоо тутумун жакшыртууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү» аталышындагы ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин DFID  долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Ушул эки күндүк тренинг шайлоонун жүрүшүнө, шайлоо процессине жана шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүү үчүн тартылган  15 узак мөөнөттүү байкоочуларды  окутууга багытталган.

Тренингге төмөнкү сессиялар киргизилген: КР Президентин шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү узак мөөнөттүү байкоочулардын максаттары жана милдеттери; 2017-жылдагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүүнүн усулдары; шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине жана аракетсиздиктерине даттануу ыкмалары; добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу. Ошондой эле окутууга шайлоочулардын тизмелери, АШК жана УШК ишмердүүлүгү тууралуу, ЖМКларга жана интернет-басылмаларга мониторинг жүргүзүү боюнча маселелер да кирет.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы шайлоо процессинин эң курч көйгөйлөрүнүн бири шайлоочулардын добуштарын сатып алуу эсептелет.

Көбүнчөсү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу учурлары экинчи колдордон алынган маалыматтар аркылуу аныкталат. Байкоонун оордугуна карабастан, бул көйгөй белгиленбей калбоосу керек. Ошондуктан, узак мөөнөттүү байкоочулар добуштарды сатып алуу боюнча маалыматтарды ар түрдүү талапкерлердин шайлоо штабындагы менеджерлер, өкүлдөр менен маектешүү аркылуу чогултушат.

2017-жылдагы Президенттик шайлоолордо өлкөнүн 12 шаарында  «Жарандык платформа» КФнун атынан 500 кыска мөөнөттүү байкоочу, 15 узак мөөнөттүү байкоочу жана шайлоо боюнча эксперттердин тобу  катышышат.  Жалпысынан 500 участкалык шайлоо комиссиялары камтылат.