Рус Кырг Eng

Нарын жана Талас облустарынын  укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг

Бүгүн,  3-августта,  Ыссык-Көл облусунун  пансионаттарынын биринде  Нарын жана Талас облустарынын ички иштер органдарынын жетекчи курамдары  жана прокуратура органдары үчүн  тренинг болуп өттү.

Семинар-тренингдин уюштуруучулары КФ «Жарандык  платформа» жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (КР БШК).

Тренингдер  «Шайлоо тутумун жакшыртууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү» аталышындагы  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат жана Кыргызстандагы 2017-жылкы Президенттик шайлоолордун таза жана ачык айкын өткөрүлүшүнө  көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Семинар-тренингдердин  негизги максаты – ИИО, прокуратура органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттешүү механизмдерин иштеп чыгуу, ошону менен бирге шайлоо процессиндеги шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурс таасирлерине бөгөт коюу болуп саналат.

Окутуу учурунда катышуучулар  шайлоо процессиндеги укук бузуулардын ар түрдүү кейстерин окуп үйрөнүштү.  Анын ичинде: шайлоо комиссияларынын чечимдерине таасир этүү максатында алардын ишине кийлигишүү, талапкерлер, партиялар, мамлекеттик органдар тарабынан шайлоо комиссияларына басым көрсөтүү тууралуу маалыматтарга ээ болушту.

Семинарлардын жыйынтыктары боюнча  укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын  мындан аркы ишмердүүлүгү жана  өз ара аракеттешүүсү шайлоо процессиндеги бардык укук бузууларга жана укук ченемсиз кийлигишүүлөргө  өз убагында жана натыйжалуу  жооп кайтарууга багытталмакчы.