Кара-Балта шаарындагы шайлоо процесси боюнча тренинг
26.07.17
«Жарандык платформа» КФнун эксперттери ЗульфияТурумбекова жана Мадина Атабаева Кара-Балта шаарындагы жарандык сектор үчүн кезектеги тренингди өткөрүштү.
Тренингдер «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалыматтык-окутуу өнөктөштүгүнүн алкагында өткөрүлүп жатат.
Тренингдердин негизги максаты – жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу.
Окутуу учурунда катышуучулар 2017-жылдагы КР Президентин шайлоого катышуу эрежелери жана негиздери ошондой эле, шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо укуктарын коргоо боюнча керектүү маалыматтарды алышты.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=6394