КСДПнын саясий кеңеши С.Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөттү
18.05.17
КСДП фракциясынын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөтөт. Мындай чечим бүгүн, 17-майда Бишкек шаарында өткөн саясий кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Фракциянын лидери Иса Өмүркулов АКИpress агенттигине маалымдагандай, съездде анын талапкерлигин бекитүү маселеси каралат. С.Жээнбеков 2016-жылдын апрель айынан бери премьер-министр кызматын аркалап келет.
Кыргызстандын президентин шайлоо күнү 2017-жылдын 19-ноябры деп жарыяланган.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=5989