Рус Кырг Eng

Атка минерлердин окулдору саясатка жаны кучтордун келишине тоскоолдук жаратып, шайлоочуларды сатып алууга жол ачышат

Атка минерлердин окулдору саясатка жаны кучтордун келишине тоскоолдук жаратып, шайлоочуларды сатып алууга жол ачышат

Жогорку Кенештин Регламентинин бузулуусунда айрым депутаттар, экинчи окулуш режиминде, шайлоо ченемдик-укуктук актыларына «каардуу» озгортуулорду киргизишкен. Бул озгортуулор демилгечи депутаттар жана жумушчу топ тарабынан сунушталган баштапкы концепцияны фундаменталдык турдо алмаштырат (пайдубалын озгортот).

Депутат М.Жеенчороевдин («Республика-Ата Журт» фракциясы) сунушу боюнча шайлоо фондунун суммасы кобойтулгон. Бул болсо оз кезегинде, атка минерлерге артыкчылык берип, саясатка жаны толук кандуу кучтордун келишине тоскоол болот.

Мындан сырткары кандидаттын, шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдоосунун чектелген суммасын чыгарып салуу жонундо ченем киргизилген. Бул шайлоочуларды сатып алууга чексиз мумкунчулукторду ачып берет.

Ошол эле учурда, коз карандысыз байкоочулардын укуктарын чектеген ченемдер да киргизилген. Бул депутат А. Назаровдун («Кыргызстан» фракциясы), К.Баймуратовдун («Республика-Ата Журт фракциясы») жана М. Айнакуловдун («КСДП» фракциясы) сунушу боюнча жасалган.

Кыргызстандын демократиялык онугуу векторун радикалдуу турдо озгортуучу  бул ондоп – тузоолордун кабыл алынышына жол бербоо учун Жогорку Кенештин дени сак кучторуно жана коомчулукка кайрылабыз.

КФ «Жарандык платформа»