Токтогазиева: Конституциянын долбооруна сунуш киргизүү укугубуз чектелди
Конституциянын коомдук талкууга коюлган долбооруна олутту өзгөртүү жана сунуш киргизүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок, ошондуктан демократиялык баалуулуктарды коргоого умтулган күчтөр ага бойкот жарыялашы керек. Мындай пикирин 18-ноябрда «Азаттыкка» конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева билдирди.
Адистин айтымында, сунуш кылынган долбоордо конституциялык түзүлүш толугу менен өзгөртүлгөн, авторитардык өлкөгө айландыруучу суперпрезиденттик форма, курултай институту киргизилип жатат жана эми сунуш-пикирлер «косметикалык» гана мүнөздө таасир эте алат.
«Эң негизги маселе ошондо болуп жатат. Жөн эле өзгөртүү киргизүү болсо, бир жөн. Азыр таптакыр жаңы Конституция жазып салышты. 100 же андан ашык эксперттен, коом өкүлдөрүнөн турган конституциялык кеңешме түзүлүп, ал шашпай талкуулашы керек болчу. Ошондо гана коомдун колдоосуна ээ болду деп айта алабыз. Азыр болсо жашыруун, ким жазганы белгисиз долбоорду таңуулап жатышат. Жарандык коом муну бойкот кылышы керек. Парламенттик шайлоону талап кылып, анан кийин 7-чакырылыштын депутаттары шашпай конституциялык реформа жүргүзсө болот. Дагы бир нерсени унутпашыбыз керек – жакында БУУ «Акча беребиз, бир шарты менен. Кыргызстан баарын Конституциянын жана мыйзамдын алкагында жасашы керек. Демократиялык баалуулуктарды сактайт» деп билдирген. Ал эми азыр жасалып жаткан нерсе ошого карама-каршы келүүдө».
Токтогазиева парламенттин алтынчы чакырылышы Конституцияга өзгөртүүгө укугу жок экенин, эгер сунуш кылынган долбоор кабыл алынса Жогорку Кеңеш толугу менен «чөнтөк парламентке» айланарын, эң негизги ыйгарым укуктар президентке берилерин, андыктан тең салмактуулук жоголорун, курултай ыкмасын көбүнчө авторитардык өлкөлөр колдонорун жана бул долбоордо адам укуктарын, сөз эркиндигин чектеген нормалар бар экенин белгилөөдө.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.
Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.