Рус Кырг Eng

Нургазы Анаркулов: Конституциянын долбоору коомдук жана эксперттик пикилер менен оңдолуп, толукталат

Нургазы Анаркулов: Конституциянын долбоору коомдук жана эксперттик пикилер менен оңдолуп, толукталат

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Конституциянын долбоору коомдук жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен оңдолуп, кайрадан иштелип чыгарын маалымдады.

«Бүгүнкү күндө коомдук талкууга өлкөдөгү жаңы башкаруу системасын камтыган Баш мыйзамдын үлгү варианты гана сунушталууда. Талкуулардан кийин Конституциянын негизги варианты бардык сунуш-пикирлерди камтуу менен бекийт.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн бир гана жооптуу адам, башкача айтканда, өлкө башчысы жоопкерчилик алышы керек экенин убакыт көрсөттү.

Мурда эч ким жоопкерчилик албай, башаламандык өкүм сүргөн. Мындай кырдаалдан чарчаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мурда чечимдер башка жерден кабыл алынганына карабай, кыйын кырдаал түзүлсө «токмок» ошол чечимдерди ишке ашырган гана премьер-министрге барып тийчү.

Ушундай тажрыйбадан улам мамлекеттик башкарууну өзгөртүү зарылдыгы келип чыкты» деп айтылат Анаркулов тараткан билдирүүдө.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн.

Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо тууралуу сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат.

https://www.azattyk.org/a/30956172.html