Рус Кырг Eng

Шайлдабекова: Мыйзам бузууларга олуттуу чара көрүлөт

Шайлдабекова: Мыйзам бузууларга олуттуу чара көрүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуулар аныкталса, ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Партиялар менен талапкерлерге да чаралар көрүлөт. Айрымдарынын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн.

Шайлдабекова шайлоо жыйынтыгына макул болбогон партиялар менен талапкерлерди мыйзам чегинен чыкпоого чакырды. Учурда укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан арыз-даттануулардын үстүндө иштеп жатканын айтты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Боршайком төрайымы добуш сатып алуу – олуттуу мыйзам бузуу экенин белгиледи.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы “макул” деген добуш беришти. Жергиликтүү кеңештерге да шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыяланды.

Буга чейин бир нече партия эреже бузулду деген негизде жергиликтүү кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышкан.

https://www.azattyk.org/a/31199346.html