Рус Кырг Eng

Шайлдабекова: Бишкектин мэрин шайлоо кыска мөөнөт ичинде өткөрүлбөйт

Шайлдабекова: Бишкектин мэрин шайлоо кыска мөөнөт ичинде өткөрүлбөйт

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын 26-октябрдагы жыйында билдиргени боюнча, Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштурууга азыркы тапта мүмкүн эмес. Анткени борбор калаанын макамына байланыштуу шаардык кеңештин жана шаар башчысынын кызмат мөөнөтү жарым жыл калганда түрдүү себептер менен токтотулса, бул кыска мөөнөт ичинде шайлоо өткөрүлбөйт.

«БШКнын юридикалык кызматы тарабынан коомчулукка расмий түшүндүрмө берип коюуну туура көрдүм. Борбор шаардын макамына ылайык, Бишкектин мэри иш мөөнөтү жарым жыл калганда ушундай өзгөрүүлөр болуп жатса, анда мэрди шайлоону өткөрүү белгиленбейт», – деди ал.

БШКнын төрайымы бул түшүндүрмөнү Бишкектин мэрин дайындоо же шайлоо маселесинин айланасында суроолор көп болуп жатканы үчүн берип коюуну туура көргөнүн айтты.

26-октябрда Бишкектин мэриясы мэрдин милдетин мыйзамдын негизинде кайра Нариман Түлеев аткарып жатканын жарыялаган.
Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган. Нариман Түлеев менен жолугушканы тууралуу Садыр Жапаров да билдирген.

Кызматтан кайра баш тартышына Түлеев «мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын», охлократиянын толкуну күчөп баратканын жүйө катары келтирген.

Бишкек шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келген Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартканын, борбор шаардын мэринин милдетин биринчи вице-мэр болуп 20-октябрда дайындалган Нариман Түлеев аткарарын ошол күнү жарыялаган эле.

21-октябрда мэриянын имаратынын алдында Түлеевге каршы чыккандардын жана анын тарапкерлеринин митинги өткөн. Нариман Түлеевге каршы адамдар мэриянын алдына митингге 26-октябрда да чыгышты.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

https://www.azattyk.org/a/30913393.html