Рус Кырг Eng

Референдум мыйзамы кароого чукул чыгарылды

Референдум мыйзамы кароого чукул чыгарылды

Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору регламентти бузуу жолу менен шашылыш түрдө парламенттин күн тартибине киргизилгени кеп болууда.

3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Бирок парламент мыйзам долбооруна добуш бербей калды.

Буга добуш берүүгө келгенде залда тиешелүү сандагы депутаттардын жок болгону себеп болду.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышууга тийиш. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, парламенттин жыйындар залында кыркка жетпеген депутат отурду.

Кыргызстанда парламенттик же президенттик башкарууну аныктоого референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору – Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

“Менин оюмча эл өзү тандап, чечип алышы керек. Буга чейин сегиз жолу Конституция алмашкан. Сегиз жолу тең мындай эле бүтүрүп коюшкан. Биз биринчи жолу элге кайрылып жатабыз. Бийликтин булагы – эл дегенден кийин эл өзү тандап алсын. Биз мындан ары кайсы жол менен кетебиз, өлкө президенттик болсунбу же парламенттикпи, өздөрү айтсын. Ошондуктан референдумга алып чыгып жатабыз. 10-январдагы президенттик шайлоо болот экен. Элди кыйнабай ошол жерден эле бул суроого жооп берсин деген ниет менен азыр алып чыгып жатабыз. …Мыйзам долбооруна добуш берүү кийинки шаршембиге калды. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, кворум жок”, – деди Акылбек Жапаров.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Мыйзам талкууланып жатканда депутаттардын айрымдары референдумду да ошол күнү өткөрүп алуу каржылык жактан да үнөмдүү болмоктугун билдирип жатышты.

“Каржы жагынан үнөмдөө жагы бул жакшы экен. Себеби 4,5 млн сомго жакын гана акча каражаты кетет дейт бюллетендерге. Чындыгында элдин үнүн угушубуз керек”, – деди эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров.

Парламент депутаты Нурбек Алимбеков да мамлекеттин башкаруу формасын тандап алуунун элге салынып жатканына колдоосун билдирди. Ошол эле кезде ал референдум өткөнгө чейин Конституциялык кеңешме өз ишин токтотушу керек деп эсептейт:

”Биз келечектеги жолубузду тандап алышыбыз керек. Референдумга коюлуп жаткан өзгөртүүнү үч окууда тезирек кабыл алып берип, элибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө өтүшүбүз зарыл. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, Конституциялык кеңешме өз ишин токтотушу керек. Себеби элди президенттикке үндөгөндөй болуп калат. Биз депутаттар өзүбүз жер-жерлерде президенттик башкаруу кандай, парламенттик башкаруу кандай экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек”.

17-ноябрда президенттик башкаруу формасын караган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда Конституция элдин турмушун оңдоп жиберет дегенге ишенбей турганын билдирди. Ал элге чындыкты айтууга чакырды:

“Айыл-апага барсак, эл президентттик башкаруу керек, бир адам жооп бериш керек деп жатат. Бирок биз бир чындыкты айтпай жатабыз. Элибиз жаңы келген бийликтен бир керемет күтүп жатат. Ушул Конституция кабыл алынса эле Кыргызстанда түп-тамырынан бери адилеттик орноп, чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлоп жатат. Бирок биз ачык айтып коюшубуз керек, андай болуп кетпейт. Азыркы Баш мыйзам менен деле президент, парламент, өкмөт башчысы мыкты иштесе болмок. Ошондуктан биз элди алдабай, туурасын айтышыбыз керек. 2016-жылы Атамбаевдин тушунда Конституцияны көтөрүп келгенде ушул Баш мыйзам кабыл алынса, бейиш болуп кетет деп убада бергенбиз да. Үч жыл өттү, бирок андай болгон жок да”.

Жыйыны өтпөгөн комитеттин корутундусу

Ал арада Кыргызстанда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору шашылыш түрдө парламенттин кароосуна киргизилгени белгилүү болду.

Регламентке ылайык, бул мыйзам долбоору алгач бир айлык мөөнөттө коомдук талкууга коюлуп, андан соң парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында каралып, анын чыгарган корутундусунун негизинде биринчи окуудан палатада кабыл алынышы керек эле. Бирок комитеттин жыйыны өтпөй эле корутунду даярдалып, анын макулдашуу баракчасына 17 комитет мүчөсүнүн тогузу кол койгону дайын болду.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери, аталган комитеттин мүчөсү Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун регламентти бузуу менен парламенттен алып өтүү аракети жүрүп жатканын билдирди:

«Кырдаал курч болгону, убакыт аз болгону үчүн биз көп мыйзамдарды анча-мынча процедураны бузууга барып кабыл алдык. Бирок азыр тынч заман. Эч ким эч кайда шашкан жок. Садыр Жапаров «консультативдик референдум болот» деп «7-каналдан» айткандан бери он күн өттү. Он күн ичинде комитеттин жыйынын чакырганга эч ким аракет кылган жок. Комитет мүчөлөрүнө мыйзамдын долбоорун таратып беришкен жок. Бир-бирден кол койдуруп алды. Муну мен алдамчылык жана уурулук деп атайм. Он күн ичинде жок дегенде беш жолу жыйын чакырса болот эле да. Комитет эмес, президенттин аппаратындагылар эле депутаттардын колу-бутун кайрып кол койдуруп алган деп эсептейм. Анткени мыйзам долбоору өтпөй калат же эч ким келбей коёт деп чочулашып, жада калса комитеттин жыйынын чакыргандан коркушту. Ошондуктан депутаттарды бир-бирден жалгыздап кармап алып кол койдуруп жатышат».

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоору кандайча талкууланып, анын корутундусу кантип даярдалып, анын макулдашуу баракчасына комитет мүчөлөрүнүн колу кандай жол менен топтолгону тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

«Кворумдун жоктугу кол топтоого жол ачкан»

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Акылбек Жапаров корутундуну колдош үчүн депутаттардан, сырттан кол топтолгонун ырастап, кворум болбогондуктан долбоор комитеттин жыйынында талкууга алынбаганын белгиледи:

ен ырастап, кол коюп берет. Бул комитеттин төрагасы азыр жок болуп, анда кворум боюнча маселе чыгып жаткан экен. Комитеттин төрагасы жакында жумушка чыкса, экинчи-үчүнчү окуу учурунда аны комитеттин кароосунан да өткөрөбүз».

Шашылган долбоор, шаштырган шайлоо

Депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорунун бир айлык мөөнөттө коомдук талкууга чыгарылбастан эле, комитет корутундусунун негизинде парламентте биринчи окуудан күн тартибине киргизилишин анын буга чейинки ушуга окшош мыйзам долбоору менен байланыштырды.

Акылбек Жапаров жалпы концепциясында, тексти менен датасында айырмачылыктар бар экенине карабастан Курманкул Зулушев депутат болуп турган кезинде иштеп чыккан бул мыйзам долбоору быйыл жаздан бери коомдук талкууда турганын айтып, аны кайра чыгарууга негиз жок деген жүйө келтирди:

«Курманкул Зулушев быйыл жазында референдумду 4-октябрда Жогорку Кеңештин шайлоосу менен бирге өткөрүүнү сунуш кылган. Ал киши депутаттыктан кетип, башкы прокурор болуп кеткен соң, бул мыйзам долбоорун регламент боюнча мен алып чыгууну туура көрдүм. Бул мыйзам долбоорунун бир эле автору бар болчу. Ал Курманкул Зулушев. Мен анын идеясын ошондо эле колдогом. Ал эми мен Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгондон кийин бул мыйзамды парламентке киргизип, шайлоого кеткен чыгымды үнөмдөө максатында ушундай кадамга барууну туура көрдүм. Эгер депутаттар колдоп берсе, ушул суроону элге берип, элден тактап алалы дедим. Биринчи окуудан кабыл алып, депуттардан концепциясын жактыра турган болсо, экинчи, үчүнчү окууну чогуу кабыл алганга Жогорку Кеңештин регламенти жол берет. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коюлуп, быйыл жаздан бери коомдук талкууда турат. Ошондуктан аны кайра талкууга чыгарууга себеп жок».

Анткен менен депутат Дастан Бекешев бийлик референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүш үчүн бул мыйзам долбоорун шашылыш карап, парламенттен өткөрүүгө аракет кылып жатканын айтты:

«Зулушев иштеп чыккан мыйзам долбоорунда референдум өткөрүү датасы өткөн 4-октябрда деп көрсөтүлгөн. Ал мыйзам долбоору ошондо эле коомдук талкууга чыгып, бирок ошондон кийин кароого кабыл алынган эмес. Азыр регламент боюнча бирөө иштеп чыккан мыйзам долбооруна бир канча убакыт өткөндөн кийин башка бирөө автор болуп, анын мыйзам долбоору эбак эле каралбай калса деле, ошого мазмуну жагынан окшош башка бир мыйзам долбоорун иштеп чыгып, анан аны мурдагы мыйзам долбоору катары каттоодон өткөрүү туура эмес. Бул мисалы үчүн мен паспорт алууга документ тапшырсам, бирок башка бирөө бир канча убакыттан кийин келип, мен тапшырган документтин эсебинен өзүнө паспорт алууну талап кылган көрүнүшкө окшош нерсе».

Жаңы жылдын 10-январына президенттик шайлоо дайындалган. Буга чейин ал күнү жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу демилге көтөрүлгөн болчу. Бирок жакында президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров Баш мыйзамды шашпай талкуулап, ага чейин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Ошондон кийин башкаруу түрүн тандоо боюнча референдум дайындоо демилгеси көтөрүлүп, мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров иштеп чыкканы жарыяланган. 3-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кворум түзүлбөй калып, ал мыйзам долбоору каралбай калды.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-constitution-referendum/30982216.html