Рус Кырг Eng

Президент А.Атамбаев КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 11-декабрга дайындады

Президент А.Атамбаев КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 11-декабрга дайындады

Президент Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 10-октябрда «КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жарлыкка ылайык, КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганга байланыштуу, КР Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо ушул жылдын 11-декабрына дайындалат.
КР өкмөтү:

– шайлоо өткөрүү үчүн КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлөт;
– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тизме: 088b0bdde69c6c58e1ed13a7e770edec

http://www.turmush.kg/news:312544