Кытайдагы кыргызстандыктардын 40%ы референдумга катышты
11.12.16
Кытайда ачылган шайлоо тилкесинде саат 17:00гө карата (пекин убактысы боюнча саат 19:00) шайлоочулардын 40%ы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги маалымдады.
Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Саат 08:00дө башталган добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
http://www.turmush.kg/news:316278/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=5366