Рус Кырг Eng

Учурда Нарын облусундагы калктын 35,6%ы референдумга добуш берди

Учурда Нарын облусундагы калктын 35,6%ы референдумга добуш берди

Нарын облусунда 170 миң 294 адам шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө катышат. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Нарын облусунда 165 шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөгө 295 тартип сакчылары, 495 элдик кошуундар жана коомчулуктун өкүлдөрү тартылган. Саат 17:00гө карата жергиликтүү кеңешти шайлоого 8 миң 655 адам (33,7%), референдумга 8 миң 670 адам (35,6 %) катышты.

Ал эми Жумгал районунда саат 17:00гө карата референдумга 8 миң 750 шайлоочу (33%) добуш берсе, жергиликтүү кеңешке 6 миң 937 шайлоочу (35%) добуш берди.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат.
http://www.turmush.kg/news:316277/?from=kg_turmush&place=newstoplast