Рус Кырг Eng

Кыргызстанда референдум өттү деп эсептесе болот, добуш берүү 30%дан ашты

Кыргызстанда референдум өттү деп эсептесе болот, добуш берүү 30%дан ашты

Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Саат 08:00дө башталган добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

Саат 17:00гө карата референдумга катышкан шайлоочулардын саны 867 миң 141 адамга жетип, 30,41%ды түздү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Жалпы шайлоочулардын 30%дан ашыгы добуш бергенде референдум өттү деп эсептелет. Референдумга катыша турган шайлоочулардын жалпы тизмесин 2 млн 851 миң 952 адам түзгөн.

Төрайымдын айтымында, Бишкек шаары боюнча 30,82% шайлоочу добуш берди (105 миң 709 адам);

– Ош облусунда — 22,62% (30 миң 19);

– Жалал-Абад облусунда — 32,40% (170 миң 543);

– Ысык-Көл облусунда — 31,26% (79 миң 500);

– Нарын облусунда — 35,71% (60 миң 798);

– Талас облусунда — 34,85% (45 миң 316);

– Чүй облусунда — 29,10% (135 миң 187);

– Баткен облусунда — 29,90% (71 миң 165).

Ал эми, чет өлкөлөрдөгү 14 миң кыргызтандыктын ичинен 897 адам добуш берген (6,41%).
http://www.turmush.kg/news:316279/?from=kg_turmush&place=newstoplast