Рус Кырг Eng

Конституцияны өзгөртүүнү шайлоочулардын 79,6%ы колдоду, – БШК

Конституцияны өзгөртүүнү шайлоочулардын 79,6%ы колдоду, – БШК

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга катышкан кыргызстандыктардын 79,6%ы колдоду. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда добуш берүүдөгү маалыматтардын 98%ы белгилүү болду. Азырынча маалыматтар алына элек 42 шайлоо участогундагы добуштар 1,8%ды түзөт.
Референдумга жалпы 1 млн 200 миң 438 адам катышты. Бул көрсөткүч 49,02%ды түзөт.
Анын ичинен 925 миң 440 адам өзгөртүүлөргө макул болсо, 184 миң 816 адам каршы болгон (15,4%). Жараксыз бюллетендердин саны 60 миң 182 (5%) болду. Кол менен эсептелген жыйынтыктар протоколдордун 100%ы берилгенден кийин маалымдалат.
Реклама

Бишкек шаары боюнча 148 миң 919 шайлоочу добуш берип, анын ичинен 111 миң 777 (75,1%) шайлоочу өзгөртүүлөрдү колдосо, 32 миң 401 (21,8%) адам каршы болгон.

– Ош шаарында жалпы – 37 миң 562 адам, макул – 31 миң 237 (82,7%), каршы – 5 миң 912 (15,3%);

– Чүй облусунда жалпы – 178 миң 56, макул – 148 миң 95 (83,2%), каршы – 20 миң 932 (11,8%);

– Ысык-Көл облусунда жалпы – 102 миң 377, макул – 89 миң 334 (87,3%), каршы – 9 миң 7 (8,8%);

– Нарын облусунда жалпы – 78 миң 597, макул – 62 миң 808 (81,2%), каршы – 11 миң 178 (14,2%);

– Талас облусунда жалпы – 62 миң 325, макул – 47 миң 397 (96%), каршы – 11 миң 73 (17,8%);

– Ош облусунда жалпы – 248 миң 459, макул – 198 миң 846 (80%), каршы – 37 миң 535 (15,1%);

– Баткен облусунда жалпы – 100 миң 230, макул – 83 миң 911 (83,7%), каршы – 11 миң 358 (11,3%);

– Жалал-Абад облусунда жалпы – 243 миң 723, макул – 181 миң 35 (74,3%), каршы – 45 миң 420 (18,6%).

http://www.turmush.kg/news:316355