Рус Кырг Eng

Кадамжайда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды (фото)

Кадамжайда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды (фото)

Turmush –  Кадамжай районунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу өттү.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Талкууга райондун айыл аймактарынан келгендер катышып, сунуштарын билдиришти.
Орозбеков айыл аймагынын тургуну Парпи Маматов сунушталып жаткан жаңы мыйзам боюнча район акимин өкмөт башчысы дайындай турганын колдоорун айтты.
«Эгерде район акимин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайласа, элдин ортосунда ажырым пайда болуп, уруу-урууга, айыл-айылга, жаат-жаатка бөлүнүү жаралат экен.

116

Ар ким өз айылдашын аким кылганга аракет кылып, ортодо ынтымакка доо кетет», – деди ал.
Ошондой эле район тургуну Пазилет Айдарова мыйзамдагы нике маселесине токтолду.
«Азыркы мыйзамда бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна уруксат берилсе, сунушталган жаңы мыйзам боюнча эркек менен аял гана үйлөнө алат деп так көрсөтүлгөн», – деди ал.
Ага кошумча Кадамжай районунун тургуну Талант Кадыров экология көйгөйүн белгиледи.
«Экологиялык кылмыштардын чеги болбош керек. Азыркы мыйзам боюнча экология боюнча козголгон кылмыш иши 10 жылдан ичинде жүзөгө ашпаса, ал кылмыш жабылып калат. Азыркы мыйзамга сунуш – экологиялык кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салыш керек», – деди Кадыров.
Кадамжай шаарынын мэри Толкун Камбаров Жогорку Кеңеште 120 депутаттын ордуна 45 гана депутат болушу керектигин сунуштады.
«Аны менен бирге кош жарандуулук дегенди жок кылып, бир эле жарандыкка уруксат берүү зарыл», –деди мэр.

http://www.turmush.kg/news:312425