Рус Кырг Eng

Үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды. Ал 26 күнгө созулуп, 9-январда аяктайт. Бул жолку шайлоого 18 талапкер катталган. Алар бир ай бою аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп, ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу шайлоо алдындагы программаларын тааныштыра алышат. 10-январда президенттик шайлоо менен бирге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дагы өтмөкчү.