Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгынан улам жаралган нааразычылык, арсар жагдай тууралуу суроолорго юрист, жарандык активист Эржан Сулайман жооп берди.
“Азаттык”: Ош, Токмок сыяктуу өлкөнүн ири шаарларында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул көрүнүштү кандай бааласа болот, буга коомчулуктун, жарандык коомдук активдүүлүгү таасир эттиби?
Эржан Сулайман: Ооба, бир чети жарандык коомдо нааразычылыктын көбөйүшү айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болду. Экинчиден, бийликке, мамлекеттик аппараттын өзүнө гана белгилүү болгон себептер да шайлоонун жыйынтыгына таасир этип жатканын байкаса болот.
Буга айрым партиялардын талапкерлерин, же болбосо партиянын өзүн четтетип, башка бир партияларга чара колдонулбай калганы мисал болуп бере алат. Ушул сыяктуу калыс деп толук айтууга мүмкүн эмес болгон мамлекеттик системанын аракеттерине күбө болуп жатабыз. Шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары, өкмөттүн шайлоону таза эмес өткөргөнү кокустан кеткен катачылыгы эмес, кайталанган адатка айланып калыптыр.
Тилекке каршы, Кыргызстанда бардык социалдык толкундоолор, көтөрүлүштөр шайлоонун жыйынтыгынан улам келип чыгат. Азыркы бийликтин шайлоого болгон мамилесин дал ушул жергиликтүү кеңештин шайлоосун өткөрүү анык көрсөтүп койду. Демек, азыркы кырдаал күзүндө болчу парламенттик шайлоо үлгүлүү, мыйзамдуу, укук үстөмдүгү орногон тартипте өтпөй турганынан кабар берип жатат.
“Азаттык”: Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына карата нааразычылык улам күчөп бара жатат. Эгер абал ушул бойдон улана берсе кесепети кандай болушу мүмкүн?
Эржан Сулайман: Албетте, сөзсүз түрдө саясий абал курчуп, туруксуздукка алып келет. Анткен менен стабилдүүлүк азыр деле жок. Жаңы келген бийлик жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону үлгүлүү, мыйзам чегинде өткөрө алган жок. Жергиликтүү шайлоолор алдыдагы парламенттик шайлоонун репетициясы экени коомчулукта айтылып эле жатпайбы. Парламенттик шайлоонун начар, таза эмес өтүүсүнүн терс тажрыйбасын биз билебиз, массалык нааразычылык жалпы элдик төңкөрүштөргө чейин жеткирип жатпайбы. Азыр да ошондой кооптуу кырдаал жаралып жатканы өкүнүчтүү.
“Азаттык”: Азыркы түзүлгөн кырдаалды мындан ары ырбатып жибербеш үчүн бийлик кандай кадамдарга барышы керек. Оптималдуу бир сунуштарыңыз барбы?
Эржан Сулайман: Негизи бийлик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткандагы мыйзам бузууларга кылдат мамиле кылышы керек эле. Маселен “домкомдор”, же аймактагы жооптуу адамдарга кандайдыр бир жоопкерчиликтерди жүктөп, алардын мыйзамга дал келбеген иш аракеттерин тыйышы керек эле. Ушул сыяктуу аракеттер жокко чыгарылып, убагында тыйылганда шайлоо күнү элде саясий жараян мыйзамдуу өтөт деген үмүт пайда болмок. Бирок, дал ошол шайлоо күнү добуштарды сатып алуулар болгону тууралуу видео-далилдер чыгып жатты. Демек, өнөктүк башталганда эле мыйзам бузуулар адаттагы көрүнүштөй кабыл алынып, аларды токтотууга карата натыйжалуу чечимдер кабыл алынбай, анан калса шайлоонун жыйынтыгында буга чейин эл өз нааразычылыгын билдирип жүргөн эски олигархиялык партиялардын өтүп келгени мыйзамсыздыктын белгиси да. Ошол эле мезгилде партиялардын бири-бирин айыпташы, тирешүүлөрү орун алганы өкүнтпөй койбойт.
Адатта демократия шайлоодон башталса, Кыргызстанда шайлоолор демократиялык тандоонун эмес, саясий туруксуздуктун, башаламан абалдын башатына айланып калды.
Эң эле жаманы, бул адат улам-улам эле кайталанып, бийлик да, эл да сабак алган жок. Эми азыркы оор абалдан чыгыш үчүн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бардык тараптардын арыздары кылдат иликтенип, мыйзам бузууларга жол берген партиялар четтетилиши зарыл. Балким бир эле партия эмес, бир нече партияны шайлоодон четтетүү каралышы керек. Орун алган мыйзам бузууларга карата өлчөмдөш, адилеттүү чара көрүлсө элдин ишеними жарылышы ыктымал.
Партиялардын мыйзам бузуусун бийлик өзү убада бергендей жазалоо башталган жок. Сөз жүзүндө укканыбыз менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо иш жүзүндө көрө алган жокпуз. Айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жокко чыгарылганынын чыныгы себептери коомчулукка белгисиз болуп жатпайбы. Себеби, бул кырдаалда башка бир күчтөрдүн атаандаштыгы, тирешүүсү да болушу мүмкүн.