Рус Кырг Eng

Кыргызстанда тойду “жөнөкөй” өткөрүүнү сунуш кылды

Кыргызстанда тойду “жөнөкөй” өткөрүүнү сунуш кылды

2021-жылдын 10-майында, Жогорку Кеңештин сайтында “Кыргыз Республикасында үйлөнүү, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарын, эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” жана ” Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору жарыяланган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты, бул жарандардын ашыкча ысырапкорчулук фактыларын жоюу, ошондой эле каржы булактарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо.

Ошондой эле, долбоордун негиздеме маалымдамасында кээ бир жарандар ысырапкорчулук жана шаан-шөкөт менен өткөрүлүп жаткан тойлорго жана андан кийин акча карызга алып, акча төлөп берүү үчүн республиканын чегинен тышкары жакка акча табуу үчүн кетип жатышкандыгы көрсөтүлгөн. Айрымдар мындай окуяларды коңшулардын жана туугандардын сын-пикирлеринен жана эскертүүлөрүнөн, жалпы эле коомчулуктун кысымынан сактануунун бирден-бир жолу деп эсептешет.

Акыркы убакытта COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы дагы күч алууда.

Бул демилгенин алкагында “Жарандык платформа” коомдук фонду онлайн сурамжылоо жүргүзүп жатат: Кыргызстанда тойлордун жана эскерүүлөрдүн санын убакыт боюнча жана чакырылгандардын саны менен чектөө сунушталууда. Сиз бул жөнүндө кандай ойдосуз?

Бул сурамжылоо долбоорго сын-пикирлерди жана сунуштарды берүү үчүн ушул мыйзам долбоору боюнча күтүүлөрдү жана ой-пикирлерди аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Той, үй-бүлө жана мааракелик салтанаттар

Сунуш кылынган долбоордо, мекемелердин жана уюмдардын түзүлгөн күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилөө, ошондой эле мамлекетке жана коомго жогорку кызматы бар адамдардын мааракелерин жана эскерүү күндөрү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте өткөрүлөт деп айтылган.

Ошондой эле кийинки чектөөлөрдү киргизүүнү сунушташат:

– үй-бүлөлүк мааракелерге, салтанаттарга жана иш-чараларга 100 адамга чейин чакырылган коноктордун саны боюнча;

– Той мааракесине чакырылган коноктордун санына 200 адамга чейин чектөө киргизип, бир күндө банкет уюштурууга милдеттендирүү;

– ЗАГС бөлүмүндө никени мамлекеттик каттоо салтанатына 3төн ашык эмес автоунааны колдонууга чектөөлөр;

– коноктордун ошол тойлордун, мааракелик иш-чаралардын, эскерүүлөрдүн жана акыркы сапарга узатуунун “кожоюндарына” акча жана баалуу белектерди беришине тыюу салуу.

Ошондой эле тойлорду 8.00дөн 23.00гө чейин – дем алыш күндөрү, ал эми иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин чектөө киргизүү сунушталууда.

Маркумду акыркы сапарга узатуу

Эгер бул долбоор кабыл алынса, чектөөлөр “жаназа” каадасы учурунда бодо мал жана жылкылардын союлушуна дагы таасир этет.
Маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда алар 100 кишиден ашпаган чакыруу менен бодо мал жана жылкыларды союуга толук тыюу салууну киргизүүнү сунушташууда.

Ажылык

Мыйзам долбоору ажыларга дагы таасирин тийгизет. Ажыларды узатууга жана жолугушууга байланыштуу иш-чараларды бир гана үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүү сунушталды. Мыйзам долбооруна ылайык, ажылык сапарга байланыштуу массалык тамак уюштурууга тыюу салуу сунушталууда.

Үйлөнүү үлпөт, мааракелик салтанаттар жана эскерүү иш-чаралардын “ээлери” бул иш-чараларды уюштурууга жооптуу органдарга билдирүүгө милдеттүү.

Физикалык жана юридикалык жактар улуттук маданияттын, ошондой эле ал иш чаралардагы мамлекеттик тилдин элементтерин коргоого милдеттүү.

Жогорудагы ченемдерди бузгандыгы үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар иш-чаралардын уюштуруучуларына, юридикалык жактар үчүн 17000 сом өлчөмүндө жана физикалык жактар 5500 сом өлчөмүндө айып салууну сунуштайт.

Коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы

Коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кымбат майрамдарды өткөрүүгө чектөөлөр 2012-жылдан бери киргизилген.

Документтин ченемдик укуктук актысында “убаракерчилик, шаан-шөкөт, ашыкча ысырапкорчулук, элдик үрп-адаттарды жана каада-салттарды сыйлабоо, панахана жасоо, айлана-чөйрөдө жашаган адамдардын муктаждыктарын эске албоо” тыюу салынган. Ошондой эле, коноктордун санына (200 адам), иш-чаранын убактысына, ресторандардын тизмесине жана менюга чектөөлөр киргизилди. 2012-жылы жыйынтык болгон жок, жергиликтүү бийлик үй-бүлөлүк деңгээлини чегинин өз эрежелерин бекитти.

Башка мамлекетте салтанаттуу мааракелерди өткөрүүгө чыгымдарды чектөө боюнча ченемдик укуктук акт кабыл алынган, ага ылайык, жарандар иш-чараларды өткөрүү үчүн бийлик органдарынан уруксат алышы керек, коноктордун саны 150 адамдан ашпашы керек, ал эми кортежде болсо (эгерде бул үйлөнүү той болсо) 4 унаадан ашык болушу мүмкүн эмес.

Натыйжада, ушул иш чараларды текшерген адамдардын көзөмөлдөө функцияларын күчөтүүгө байланыштуу, нааразычылык толкуну калк арасында өттү.

Калктын нааразычылыгынын дагы бир себеби, бул мыйзам калктын бай катмарына жайылтылбаганы жана алар үй-бүлөлүк мааракелерге “жөнөкөй жарандарга караганда алда канча көп” акча короткону болду.

Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, үйлөнүү үлпөттөрү өкмөттүн токтомдоруна караганда туруктуу, бирок чиновниктер дагы оптимисттик маанайда болушкан. Лидерлер массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тойлорго каршы күрөшүүгө тартууга аракет кылышкан. Журналисттер укмуштай тойлорду уюштуруучуларды “элдин алдында уят кылышы” керек болчу. Мунун баары текке кетти.

Кыргызстандыктар үчүн той эмнени билдирет

Биздин мамлекетте той деген бул жөн гана паспорттогу мөөр эмес. Ушул тапта кыргызстандыктардын көпчүлүгү майрамды чоң масштабда, кафе-ресторандарда белгилеп жатышат. Бул масштабдуу иш-чарага 300-400гө чейин конок чакырылып, той-аш менен, көптөгөн сый тамактар, ырчылар, бийлер, сынактар жана байгелер менен коштолот.

Кыргызстанда, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы ИДП 598 миллиард сомду түзүп, мамлекеттик бюджет, башкалар менен катар, мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардан түзүлөт.

Пандемияга чейин бюджетке келип түшкөн каражаттар- 2018 жылы 23 млн 833 миң сом, 2019 жылы- 25 млн 663 миң сом түздү. 2020 жылы болсо мамлекеттик бюджетке каражаттардын кирешеси төмөндөп 15 млн 897 миң 800 сомду түздү.
Эгерде чектөөлөр киргизилсе, салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүндө түшпөй калуу тобокелдиктерин алдын-ала көрүп, эсептеп чыгышы керек, ошондой эле 2022-жылга республикалык бюджетти бекитүүдө кирешелер менен чыгашалардын божомолун эсептеп чыгышы керек.

Белгилей кетсек, 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы болжол менен 19 миллиард сомду түзгөн. Бюджеттин кирешеси 133,5 миллиард сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөр дээрлик 15 миллиард сомго кыскарган. Салыктык кирешелер дээрлик 92 миллиард сомду түздү. Бюджетке 5 миллиард сомго жакын каражат түшкөн жок.

Мындан тышкары, мындай чектөөлөр коррупциянын күчөшүнө жана “той ээлеринин” укук коргоо органдарынын инспекторлоруна толук көз каранды болушуна алып келбейби?

Коңшу Борбордук Азия өлкөлөрүнө окшогон мыйзамды иштеп чыгуу VI чакырылыштагы депутаттардын мыйзам чыгаруу демилгесинин төмөндүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн, бул шайлоочулар менен жыйналыштардагы, демилгелердин саны жөнүндө отчетко киргизүү үчүн гана ойлонбостон мыйзам долбоорлорун көчүрүүгө алып келет.

Жергиликтүү жамааттарга коноктордун санын жана салтанаттын масштабын жөнгө салуу укугун берүү оңой жана жакшы болмок
эки баракта 12 беренеден турган мыйзамды кабыл албастан.

Мындай чектөөлөр натыйжалуу болобу?

Же болбосо, бай адамдар дагы кооз тойлорду өткөрүшө береби, анткени 5500 сом өлчөмүндөгү айып пулдун көлөмү бай үй-бүлө үчүн өтө эле аз.

Парламент бул мыйзам чыгаруу демилгесин колдобойт жана өзүнүн көңүлүн Кыргызстан үчүн кыйла актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө бурат деп ишеничтебиз.