Рус Кырг Eng

БШК 18 шайлоо тилкесиндеги референдумдун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты

БШК 18 шайлоо тилкесиндеги референдумдун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты

Өлкө аймагындагы 18 шайлоо тилкесиндеги референдумдун жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Мындай чечим кечээ, 22-декабрда БШКнын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрагасы Абдыжапар Бекматовдун айтымында,№5285, 5290, 5291, 5518, 5560, 5388, 5390, 5391, 5392, 5393, 5398, 5399, 5452, 2096, 5057, 5205, 5237, 2007 тилкелеринде (Ош шаары боюнча – 5 шайлоо тилкеси, Ноокат району – 8, Жалал-Абад – 1, Өзгөн району –1, Кара-Суу – 2, Сузак району – 1) айрым мүчүлүштүктөрдөн улам референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ал бул шайлоо тилкелеринде техникалык жабдууларда жана протоколдорду толтурууда мүчүлүштүктөр болгонун белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө 14 миң шайлоочунун добушу жокко чыгарылары белгилүү болду.
«Эгерде УШКнын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуулар болсо, анда тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына берүү керек», – деди А.Бекматов.
11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өттү.

http://www.turmush.kg/news:316937