Рус Кырг Eng

Бишкекте автоматтык урнанын ордуна картон коробка колдонулган участоктогу добуш берүү жараксыз деп табылды

Бишкекте автоматтык урнанын ордуна картон коробка колдонулган участоктогу добуш берүү жараксыз деп табылды

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы автоматтык урнанын ордуна картон коробка колдонулган шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Мурда маалымдалгандай, Ленин районундагы №1044 шайлоо участогунда 11-декабрдагы шайлоодо саат 13:30 чамасында электрондук урна бузулуп калган. Андан улам участоктогу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү стационардык урна жабык болгондуктан картон коробканы колдонууну чечишкен. Электрондук урна оңдолгондон кийин байкоочулар каршы чыкканына карабастан картон коробкадагы бюллетендер салынган.

№1044 шайлоо участогунда 1449 шайлоочу катталган. Анын ичинен Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 638 адам катышкан. Болжолдуу жыйынтык боюнча алдыга «Кыргызстан» чыгып, 143 добуш топтогон.

– Ал эми КСДП — 126 добуш;

– «Республика — Ата Журт» — 120;

– «Өнүгүү-Прогресс» — 105;

– «Мекеним Кыргызстан» — 84 добуш алган.

Башка партиялардын добуштары 13төн ашкан эмес.

№1044 шайлоо участогу Чокморов көчөсүнүн №246 дарегинде борборлоштурулган китепканалар системасынын имаратында жайгашкан.

http://www.turmush.kg/news:316529