Рус Кырг Eng

Бишкекте мыйзамсыз шайлоого каршы турууга багытталган окутуу башталды

Бишкекте мыйзамсыз шайлоого каршы турууга багытталган окутуу башталды

Бишкекте “Шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушуна реакция жасоо жана иш-чараларды иштеп чыгууда укук коргоо органдарынын ролу» аталышындагы окутуу башталды. 

Ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте, Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматтыштык уюмунун программалык офисинин колдоосу менен уюштурулду. Негизги максат – укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо укугунун жана процессинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле БШК менен өз ара иштешүү тууралуу түшүндүрмө берүү.

Тренингдин алкагында катышуучуларга Боршайкомдун мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров, Гүлнара Журабаева жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өткөн шайлоонун жүрүшүндө ачыкка чыккан мыйзам бузуулардын талдоосун көрсөтүп, аткарылган чаралар тууралуу маалымдашты. Ошондой эле катышуучулар тематикалык блоктор боюнча иштөөдөн кийин, шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун ар кандай түрлөрүн, ошондой эле юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартибин талдашты.

“Бүгүндөн тарта биз Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте республиканын бардык аймагындагы укук коргоо органдарына окутууларды өткөрөбүз. Жалпы 18 тренинг өткөрүүнү пландап жатабыз. Жыйынтыгында бул боюнча иш-аракеттердин так алгоритми иштелип чыгат”,- деди “Жарандык платформа” коомдук фондунун өкүлү Айнура Усупбекова.

“Бүгүнкү окутууда укук коргоо органдары үчүн болгон кемчиликтерди мындан аркы шайлоолордо кайталообо максатында окутуу тренинги өткөрүлүп жатат”,- деди Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Исмаилов.

http://www.ktrk.kg/kg/news/s/49166?fbclid=IwAR3lZgEMEfHeQp4Hrzso5_JLuiY-WbviX6eQbJgKiitMnxfAgstfAPzblz4