Рус Кырг Eng

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу аракеттерин баштады

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу аракеттерин баштады

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, алардын ишин оптималдаштырууну пландап жатат. Ал үчүн мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев жетектеп жатат.

Комиссия 17-ноябрдын кечинде өкмөт үйүндө алгачкы жыйынын өткөрдү.

Бакыт Аманбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Бул дегендик өлкөнүн ар бир 447-жараны чиновник дегенди түшүндүрөт. Алардын айлык акысына 48 миллиард сом корой турганы белгилүү болду.

Комиссия 20-ноябрга чейин мамлекеттик мекемелер түзүмүн оптималдаштыруу жана штатын кыскартуу боюнча план иштеп чыгышы керек. Алардын сунушун эксперттерден түзүлгөн жумушту топ карап чыгат.

Андан кийин министрликтер менен бирге аткаруу бийлигинин жалпы түзүмү иштелип чыгары айтылып жатат.

Бакыт Аманбаев ушундай жол менен мамлекеттик кызматкерлердин санын 10% чейин кыскартып, ишин оптималдаштырса боло турганын кошумчалады.

Өкмөт айтып жаткан реформа эки айдын ичинде ишке аша турганы белгилүү болду.

Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик милдетти кошо аркалай баштагандан кийин жасаган видео билдирүүсүндө, “азыр көп кызматтарды технология аткарып калганын, аткаминерлердин ири армиясы кыскартыларын” билдирген. Жапаров президенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу убактылуу кызматын тапшырган. Өкмөттө анын командасы иштеп жатат.

https://www.azattyk.org/a/30955960.html